Жалал-Абадда акыркы эки жумадан бери эттин баасы кымбаттаганы байкалууда

Акыркы жанылыктар

TurmushЖалал-Абад облусунда эттин наркы 700 сомго чейин кымбаттады. Мындай көрүнүш айрым жашоочулардын нааразычылыгын жаратты. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы билдирди.

Шаар тургуну Тургунбү Кырбашованын айтымында, малдын баасы арзан болуп, эттин наркы кымбаттады.

«Апта сайын же 2 жумада бир жолу эт сатып жейбиз. Акыркы кезде эттин баасы өсүп жатканын байкап жатабыз. Эт албай коелук десек, балдарга калориялуу тамак жасап беришибиз керек», — деди ал.

Сатуучулар баалардын кымбатташын мал базарда малдын баасы жогорулаганы жана малдарды чет өлкөгө экспорттоп жатканы менен байланыштырышат.

Мындай тенденция акыркы 1-2 аптадан бери байкалып тургандай. Ушул тапта Жалал-Абад шаарындагы базарларда бодо малдын этинин 1 килограммы 580 сомдон, кой эти 640 сомдом, сулп эт 700 сомдон сатылууда.

Пример HTML-страницы

Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын баамында 7-августтан 5-сентябрга чейинки аралыкта койдун эти орточо 2,3 пайыз, уйдуку 5,3 пайыз кымбаттаган.

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги бодо малды жана майда жандыктарды экспорттоону убактылуу токтотту.

10-сентябрда Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын төрагасынын орун басары Айбек Мамыралиев радиого берген маегинде эмне үчүн эттин баасына мамлекеттик жөнгө салуу киргизилбей жатканын түшүндүргөн.

Анын айтымында, Монополияга каршы кызмат жумасына 2-3 жолу социалдык маанидеги товарларга мониторинг жүргүзөт. Продукцияны көзөмөлдөө жергиликтүү бийлик органдарынын жана Айыл чарба министрлигинин деңгээлинде да өткөрүлөт.

«Биз кырдаалды талдап, баалар кескин көтөрүлүп, жөнгө салуу зарыл болгон учурда мамлекеттик жөнгө салууну киргизүүнү сунуштай алабыз. Бирок бул өтө кылдат талдоону талап кылат. Эттин баасын жөнгө салуу үчүн мындай себептер болгон жок. Мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө чечим кабыл алынган учурда монополияга каршы орган продукциянын тиешелүү түрүнө дүң же чекене бааны белгилейт. Рынокту турукташтырууга мүмкүн болду — баалар төмөндөй баштады, ошондуктан мамлекеттик жөнгө салууну киргизүү талап кылынган жок», — деп түшүндүргөн Мамыралиев.

Сентябрдын башында бодо малдын этинин баасы кескин көтөрүлүп, килограммы 650 сомго чейин жеткен. Айыл чарба министрлигинин азык-түлүк коопсуздугу бөлүмүнүн башчысы Данияр Жанузаков ишкерлер бодо малдын этинин кымбатташын экспорттун көлөмүнүн көбөйүшү жана ички рынокто малдын санынын азайышы менен түшүндүрүп жатканын билдирген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️