Пример HTML-страницы

Жалал-Абадда абаны булгаган ишканалар аныкталып, 200 миң сом айып пул салынган

Акыркы жанылыктар

Turmush2023-жылы Жалал-Абад облусунда абаны булгаган ишканалар аныкталып, 200 миң 500 сом айып пул салынган. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Атмосфералык абаны коргоо бөлүмүнүн башкы адиси Чыңгызбек Абдумалик уулу билдирди.

Анын айтымында, атайын жүргүзүлгөн иш-чаралардын алкагында Жалал-Абад шаары менен Сузак районунун аймагында жеңил унаалар да текшерилип, алардын айдоочуларына түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн.

«Өткөн жылы биздин кызматкерлер Жалал-Абад облусунун аймагындагы мекеме-ишканаларды, имараттарды жылытууда жана от казандарды жагууда резина, пластик, синтетикалык калдыктарды күйгүзүп жакпоону жана абага булгоочу заттарды чыгарууларын азайтуу боюнча түшүндүрүү иштерин алып барганбыз. Анын алкагында жалпысынан 116 эскертүү кат берилди. Аны менен катар Жалал-Абад шаары жана Сузак районунун аймагында 100дөн ашык унаа «дымомер» аппараты менен текшерилип, алардын айдоочуларына абага чыгарылган түтүндөрдүн зыяндуулугу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүлдү. Рейддик иш-чаралардын жыйынты менен жалпы админстративдик 13 протоколдор түзүлүп, жалпысынан 200 миң 500 сом айып пул салынган. Мындай саамалык быйылкы жылы да улантылып, от казандар, мекеме, ишканалар, соцобъектилердин отканалары текшерүүгө алынды», — деди ал.

Облус боюнча абага булгоочу заттарды чыгарууга байланышкан ишканалардын саны 802ни түзөт.

«IQAir» сайтынын көрсөткүчтөрүнө караганда саат 14:00гө карата Жалал-Абад шаарында абанын сапатынын индекси 168 көрсөттү. Бул көрсөткүч ден соолук үчүн зыян дегенди туюндурат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE