Turmush — Жалал-Абад облусунда 9 окуучу «Алтын тамга» артыкчылык аттестатын алууга билимин тастыктады. Бул тууралуу Тurmush басылмасына Жалал-Абад облустук усулдук билим берүү борборунун башчысы Акылбек Токтосунов билдирди.
Анын айтымында, артыкчылык аттестатына ээ болгон окуучулардын басымдуусу Жалал-Абад шаарынан.
«Мектеп бүтүрүүчүлөрү үчүн быйыл 14-майда «Алтын тамга» артыкчылык аттестаты үчүн тест уюштурулган. Ага биздин облустан да окуучулар катышып, жыйынтыгында 9 окуучу ээ болду. Алардан сырткары дагы апелляциялык даттануу менен кайрылган окуучулар болду, бирок алардын кайрылуусу негизсиз деп табылды. 9 окуучунун ичинен 5 окуучу Жалал-Абад шарындагы мектептерде билим алат», — деди Токтосунов.
«Алтын тамга» артыкчылык аттестатына ээ болгон бүтүрүүчүлөрдүн тизмесине:
1. Ала-Бука районундагы №39 Айры-Там мектеп-гимназиясынан Айзада Кудайназарова;
2. Базар-Коргон районундагы Ж.Бөкөнбаев атындагы гимназия жатак мектебинен Асылбек уулу Санжарбек;
3. Жалал-Абад шаарындагы Зуура Нурматова атындагы кыздар лицейинен Айпери Закирбаева;
4. Жалал-Абад шаарындагы Зуура Нурматова атындагы кыздар лицейинен Камила Каргабаева;
5. Жалал-Абад шаарындагы М.Бабкин атындагы №1 мектеп-гимназиясынан Назик Ирисова;
6. Жалал-Абад шаарындагы Максат Эгембердиев атындагы мектебинен Оминахан Султанова;
7 Жалал-Абад шаарындагы №14 С.Давлетов атындагы инновациялык мектеп лицейинен Мээргүл Ильясова;
8. Кара-Көл шаарындагы Фрунзе атындагы жалпы орто билим берүүчү мектебинен Улук Самаганов;
9. Таш-Көмүр шаарындагы №1 Н.Островчский мектебинен Адинай Каныбекова.
———————————————————
2023-2024-окуу жылынын жыйынтыгы менен «Алтын тамга» артыкчылык аттестатын алуу укугун 149 бүтүрүүчү тастыктады. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Аймактар боюнча:
-
Бишкек шаарынан – 68 окуучу,
-
Чүй облусунан – 20 окуучу,
-
Ош облусунан – 17 окуучу,
-
Жалал-Абад облусунан – 9 окуучу,
-
Баткен облусунан – 9 окуучу,
-
Талас облусунан – 8 окуучу,
-
Ысык-Көл облусунан – 6 окуучу,
-
Нарын облусунан – 6 окуучу,
-
Ош шаарынан – 6 окуучу.
Тестирлөө 14-майда республика боюнча 36 пунктта өткөрүлүп, ага 2211 окуучу катышты. Талапкерлер «Алтын тамга» тестин 4 предмет боюнча тапшырышты — математика, эне тили жана адабияты, Кыргызстандын тарыхы жана химия .
Былтыр «Алтын тамга» аттестатына 167 бүтүрүүчү ээ болгон.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.