Жалал-Абадда 26 миң гектардан ашык аянтты кооптуу чегирткелер каптаган. Зыянкечтер жок кылынды

Акыркы жанылыктар

TurmushЖалал-Абад облусунда 22 миң гектардан ашуун аянтты каптаган чегирткелер жок кылынды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаментинин Жалал-Абад облустук башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, кызматкерлер дыйкан-фермерлерге өсүмдүктөрдүн зыянкечтерине каршы күрөшүүгө жардамын күчөтүштү.

Бүгүнкү күндө Жалал-Абад облусу боюнча 39 миң гектарга жакын аянттагы айыл чарба жерлери изилденип, 26 миң гектар аянтында өтө коркунучтуу зыянкеч чегирткелер аныкталды.

Анын ичинен:

— Сузак районун аймактарында 5 миң гектар;

Пример HTML-страницы

— Базар-Коргон районунда 6 миң гектар;

— Ноокен районунда 11 миң гектар;

— Аксы районунда 4 миң гектардан ашык.

Облус боюнча 22 миң гектардан ашык аянттарда чегирткелер жок кылынды. Департамент тарабынан тиешелүү атайын техникалар, керектүү күйүүчү, майлоочу май жана пестициддер даярдалган. Президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн жардамы менен облустук штаб түзүлгөн.

«Облус аймагында чегирткелерден сырткары айыл чарба өсүмдүктөрүнүн (дандыктар, көп жылдык чөптөр, мөмөлүү бак-дарактар) зыянкечтерине каршы иштер да жүргүзүлүүдө. Ал эми Жалал-Абад облусундагы токой чарбага тиешелүү аймактарындагы зыянкечтерге биосфералык аймак болгонуна байланыштуу токой кызматкерлери тарабынан биологиялык ыкма колдонулууда», — деп айтылат маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️