Жалал-Абадда 12 гектар жерге оюн-зоок паркын уюштуруу пландалып жатат. Долбоор үчүн сынак жарыяланды

Акыркы жанылыктар

TurmushЖалал-Абад шаарынын мэриясы Аюп-Тоо учаскасында жайгашкан 12 гектар муниципалдык жер тилкесине оюн-зоок паркын уюштуруу үчүн эскиздик долбоор даярдоого сынак жарыялады.

Сынактын шарттары:

— 12 га жер тилкесине заманбап оюн-зоок паркын долбоорлоо;

— долбоорду топографиялык тартууга (съемка) ылайык жүргүзүү.

Долбоорлор 2024-жылдын 20-декабрысаат 17:00гө чейин кабыл алынат.

Пример HTML-страницы

Байге фонду 500 миң сомду түзөт. Анын ичинен 1-орунга 400 миң сом жана 2-орунга 100 миң сом берилет.

Суроолор боюнча Жалал-Абад шаарынын мэриясынын курулуш, транспорт жана коммуникация секторуна кайрылууга болот.

Оюн-зоок паркынын жайгашкан жеринин географиялык узундугу жана кеңдиги:

— кеңдик — 40°55’22.14″С;

— узундук — 73° 1’10.47″.

Суроолор боюнча төмөнкү номурларга кайрылууга болот:

— Kurulush-meriya@mail.ru

— тел: +996555522121

— тел: 0(3722) 5-36-39

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️