Turmush — Жалал-Абад облусу боюнча былтыркы жылы 90дон ашуун мамлекеттик жана муниципалдык кызматкер кызматтык кылмыш жоопкерчилигине тартылды. Бул тууралуу бүгүн, 13-январда Жалал-Абад шаарында өткөн жыйында УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча башкы башкармалыгынын башчысы Каныбек Досмамбетов билдирди.
Жыйынга президенттин Жалал-Абад облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн, шаардык мэриянын жетекчилиги, облустагы укук коргоо органдарынын, мекеме-ишканалардын жетекчилери катышты.
Каныбек Досмамбетовдун айтымында, кызматтык кылмыш жоопкерчилигине тартылган кызматкерлердин дээрлик 90 пайызы айып төлөө менен жоопкерчиликтен бошотулду.
«Маселен, Сузак району боюнча 36 мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерге иш козголсо, баары айып төлөө жолу менен чыгышкан. Эми коррупциялык мүнөздөгү кылмыштар үчүн кылмыш жазасы катаалдашты. Мурункудай айып төлөө менен чыгып кете алышпайт. Эскерүү мөөнөтү деген да жок», — деди ал.
Ошондой эле ал Жалал-Абад шаары жана Сузак району боюнча былтыркы жылы мыйзамсыз берилип кеткен 45 гектар жер мамлекетке кайтарылганын белгиледи. Негизинен район жана шаардагы 35 чоӊ объектилердеги жер тилкелер түздү. Кайтарылган жерлерге социалдык объектилер, ипотекалык турак жайлар курулуп жатат.
К.Досмамбетов жетекчилерди коррупциядан алыс болууга чакырып жатып, анын ичинен укук коргоо органдарынын жетекчилерине кайрылды.
«Биз өзгөчө ыйгарым укуктарга ээбиз, ошондуктан коррупцияга каршы күрөшүп жатып, өзүбүз дагы тазаланышыбыз керек. Маселен, былтыр биздин бир кызматкер алдамчы адамдардын терс таасирине түшүп, кылмыш ишине дуушар болгон. Өздүк коопсуздук кызматы, прокуратура менен биргеликте соттун чечими менен 6 жылга эркинен ажыратылды», — деди ал.
Жыйында «Коррупцияга каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзамдын ченемдери түшүндүрүлдү.
————————————————————-
Президент Садыр Жапаров «Коррупцияга каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзамына кол койду.
Мыйзам 2024-жылдын 25-декабрында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.
Аталган мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, коррупциялык жана башка кылмыштарды жасаган жарандарга мамлекеттик жана муниципалдык кызматты ээлөөгө өмүр бою тыюу салынат. Ошондой эле коррупциялык кылмыштар үчүн айыптарды толугу менен алып салуу (мисалы, мыйзамсыз баюу үчүн 300-500 миң сом айып ордуна эки жылдан беш жылга чейин эркинен ажыратуу мөөнөтү болот); эгерде жубайы/жолдошу же алардын жакын туугандары оор же өзгөчө оор кылмышка күнөөлүү деп табылса, мамлекеттик кызматка кабыл алуудан баш тартуу жазасы каралган.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.