Жалал-Абадда өтүмдүү темир тулпарлар арзандап жатат. Унаалардын баасы (сүрөт)

TurmushЖалал-Абад шаарында унаалардын баасы арзандаганы байкалып жатат. Turmush басылмасынын кабарчысы унаа базарда суроо-талап көп болуп жаткан унаалардын баасын билип келди.

Ар жуманын бейшемби күнү Жалал-Абад шаарында унаа базар уюштурулуп, облустагы район-шаарлардан, коңшу облустардан сатып алуучулар жана сатуучулар келишет. Унаа алып сатып иштегендердин айтымында, «ДЭУ Матиз» жана «Хонда Фит» унааларынын баасы арзандаганы байкалат.

Аймактык кабарчы өтүмдүү деп саналган үлгүдөгү унаалардын ээлеринен бааларды сурап көрдү.

«Хонда Фит» унаасынын жакшы абалдагысы 500 миң сомдон кем сатылбай жаткан. Бул унаанын 2003-жылы чыгарылган (кыймылдаткычынын көлөмү 1,5) түрү 450 миң сомго бааланууда. Ал эми жол тандабас «Хонда СРВ 2» унаасынын баасында арзандоо байкалбайт. Себеби унаа базарда 2002-жылы чыгарылган (кыймылдаткычынын көлөмү 2,4) орто абалдагы унаа 680 миң сомго бааланды.

Унаа базарда Россия Федерациясынан алынып келген унаалар көп сатылып жатканы байкалат. Алардын дээрлик баарында чириген жери бар. Мисалы, 2002-жылы чыгарылган «Хонда Фит» (кыймылдаткычынын көлөмү 1,3) унаасы 320 миң сомго бааланууда. Бул баа Кыргызстандын номуру тагылган «Хонда Фит» унаасынан дээрлик 150 миң сомго арзан. Бирок анын чириген жерлери даана байкалып турат.

2004-жылы чыгарлыган механикалык башкаруудагы, орто абалдагы «Хонда Цивик» унаасы (кыймылдаткычынын көлөмү 1.4) 500 миң сомго бааланды. Ал эми 2005-жылы Кореяда чыгарылган (кыймылдаткычынын көлөмү 1,4) «Хендай Гетз» унаасы 380 миң сомго бааланган.

Пример HTML-страницы

Мындан сырткары Жалал-Абад, Ош облустарында көп сатылган «ДЭУ Матиз» унааларынын да баасы түштү. 2008-жылы Кореяда чыгарылган «ДЭУ Матиз» унаалары абалына жараша 280 миң сомдон ылдый бааланса, ушул эле унаанын Өзбекстан, Прибалтикада 2010-жылы куралган үлгүсү 160 миң сомдон төмөн сатылууда. Ал эми «ДЭУ Тико» унаалары абалына жараша 80 миң сомдон 150 миң сомго чейин сатылууда.

Алып-сатарлар алдыңкы күндөрү унаанын баалары дагы арзандашы мүмкүн экенин божомолдошту.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️