Жалал-Абад шаарынын прокуратурасынын имараты оңдолду (сүрөт)

Акыркы жанылыктар

Turmush17-августта Жалал-Абад шаарынын прокуратурасынын жаңыдан оңдоп-түздөөдөн өткөрүлгөн имаратынын салтанаттуу ачылыш аземи өттү.

Маалым болгондой, ачылыш аземге башкы прокурордун орун басары Нурбек Каимов, Жалал-Абад областынын прокурору Турусбек Ишеналиев баш болгон прокуратура кызматкерлери катышты.

Жалал-Абад шаарынын прокуратурасынын 2 кабаттуу административдик имараты Т.Байзаков көчөсүндө жайгашкан. Анда кызматкерлер үчүн бардык шарттар түзүлүп, зарыл болгон жабдуулар менен камсыздалды.

Мурда бул имаратта Жалал-Абад облустук соту иштеп келген. 2023-жылы 27-июлда Жалал-Абад шаарында Сот адилеттиги үйү ачылып, соттор ошол имаратка көчүшкөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️