Пример HTML-страницы

Жалал-Абад шаарындагы «Шабдалы-Зар» базары мэрияга өттү

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushЖалал-Абад шаарындагы «Шабдалы-Зар» базары мэриянын муниципалдык менчик башкармалыгына өттү.

Turmush басылмасынын кабарчысы билдиргендей, Жалал-Абад шаардык кеңешинин 2024-жылдын 7-майындагы сессиясында депутаттар аталган маселени карап, макулдук берген. Андан кийин шаар бийлиги тарабынан тиешелүү документтер даярдалып, Министрлер кабинетине жөнөтүлгөн. Министрлер кабинети тарабынан токтом чыккандан кийин Мамлекеттик мүлк фондуна өтүп, алар муниципалдык менчикке өткөрүп беришет.

Тактап айтканда, Жалал-Абад шаарынын Түмөнбай Байзаков проспектисиндеги №53а дарегинде жайгашкан 2935,0 чарчы метр жана №53б дарегинде жайгашкан 5023,0 чарчы метр жер тилкелерин турак жай эмес курулуштары менен Жалал-Абад шаарынын муниципалдык менчигине өткөрүп алууга макулдук берүү боюнча токтом чыккан.

Министрлер кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин балансындагы мүлктү Жалал-Абад шаарынын Жеңи-Жок көчөсүндөгү №4а дарегиндеги жайгашкан 2133,0 чарчы метр жер аянтындагы курулушу бүтпөгөн объектиси менен Жалал-Абад шаарынын муниципалдык менчигине өткөрүп алууга макулдук берилип, бул жер аянты муниципалдык менчикке өткөн. Жер тилке узак мөөнөттүү келишим менен мамлекеттик иптокеткалык компанияга берилип, ал жайда ипотекага ыңгайлайган үй курулуп жатат.

2024-жылдын 10-майында УКМК Жалал-Абад шаарында маркум Кадыржан Батыровдун аффилирленген жактарына таандык болгон базар мамлекеттин менчигине алынганын билдирген.

«Баасы 412 млн 111 миң сомду түзгөн «Шабдалы-Зар» базары мамлекеттин менчигине алынды.

Тергөөгө чейинки текшерүүнүн жүрүшүндө «Шабдалы-Зар» базары жайгашкан жер 1994-жылы Жалал-Абад шаарынын мэриясынын буйругуна ылайык «Дустлик» ААК менен аффилирленген жеке компанияга берилгени аныкталды. Жерди алган компаниянын акцияларынын контролдук пакетинин 85%ы К.Батыровго таандык болгон. Жер кодексинин 1994-жылдагы редакциясына ылайык мэриянын жер бөлүп берүүгө (сатууга) укугу жок болчу.

Жер тилке К.Батыровго мыйзамсыз сатылып, ал 2009-жылы Кыргызстандын жарандары М.А. жана Р.Ш. (К.Батыров менен аффилирленген жактар) менен жалган түрдө сатып алуу-сатуу келишимин түзгөн. Аталган аймак бир нече жыл бою базар катары колдонулган.

Азыркы учурда Мамлекеттик мүлктү башкаруу агенттиги тарабынан «Шабдалы-Зар» базарды мэриянын балансына өткөрүп берүү процесси жүрүп жатат», — деп билдирген УКМК.

Ал эми бүгүн, 21-июнда УКМК Жалал-Абад шаарынын жана Сузак айылынын аймагындагы 22 гектар жер тилкеси мамлекеттин балансына өткөрүлгөнүн билдирген. Бул мурда мыйзамсыз менчиктештирилген объектилерди мамлекетке кайтаруу багытында биринчи жарым жылдыкта аткарылган иштердин жыйынтыгы.

Расмий маалымат боюнча, жердин баасы 4 млрд 170 млн 432 миң 633 сомду түзөт. Комитет учурда бул жер тилкелеринде Мамлекеттик ипотекалык компания арзан турак жай менен камсыздоо программасынын алкагында 10 турак жай комплексин куруп жатканын билдирди.

Курулуп жаткан турак жай комплекстеринин жалпы аянты 424 478 чарчы метр болуп, 6610 батирди жайгаштыруу пландаштырылууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE