Жалал-Абад шаарындагы мунициалдык базар эмерек базарына айланды

Акыркы жанылыктар

TurmushЖалал-Абад шаарында 2 жыл мурда дээрлик 50 млн сомго курулган муниципалдык базар эмерек саткан базарга айланды. Бул тууралуу Жалал-Абад шаарынын вице-мэри Кубанычбек Иманалиев билдирди.

Анын айтымында, мамлекетке кайтарылган «Айти» базарында соода кылган сатуучуларды жайнаштыруу үчүн калаа бийлиги ушул кадамга барган.

«Жалал-Абад шаарынын Ю.Абдрахманов көчөсүндө жайгашкан «Айти» базарында буга чейин унаа тетиктерин саткан соодагерлер жана мехнаниктерден сырткары эмерек саткан сатуучулар да соода кылышчу. Аталган базардын орду мамлекетке кайтарылгандан кийин көчөдө калган сатуучуларды эмеректери менен Курманбек көчөсүндөгү бош турган муниципиалдык базарга жайгаштырдык.

Буга чейин бул базардын ордуна кытайлык инвесторлор кура турган электр тогу менен жүргөн, жүк көтөрүүчү мотоциклдарды, техникаларды чогултуучу завод курулары пландалып жаткан. Бул иштерден кийин биз эмерек базарын кыла турган болдук.

Ал эми, инвесторлорго калаанын башка жеринен өндүрүшкө ылайык жер көрсөттүк. Алар заводдун жетекчилиги менен сүйлөшүүгө кетишти», — деди Иманалиев.

Пример HTML-страницы

Сөз болуп жаткан муниципиалдык базардын курулушу 2022-жылы аяктаган. Ал үчүн шаар казынасынан 49,4 млн сом акча бөлүнгөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️