Пример HTML-страницы

Жалал-Абад шаарындагы «Бакыт» телеграфы бузулуп, орду скверге айланат

Акыркы жанылыктар

TurmushЖалал-Абад шаарынын так ортосунда жайгашкан имараттардын катарын толуктаган «Бакыт» тейлөө борборунун имараты бузулат.

Жалал-Абад шаарынын биринчи вице-мэри Кубанычбек Иманалиевдин айтымында, Н.Айматова көчөсүндөгү аталган борбордун имараты жана Т.Байзаков көчөсүнүн жээгинде жайгашкан «Бек бургер» тез тамактануучу жайы, анын катарында жайлар да алынат. Андагы жайлардын орду сквер болот. Сөз болуп жаткан жайдын жерин муниципалдыкка кайтаруу боюнча иш сотто каралып жатат.

2023-жылы Жалал-Абад шаардык прокуратурасы ченемдик-укуктук актылардын бузулушун четтетүү боюнча шаардык кеңешке сунуштама берилген. Аталган борбор Чөкө-Арык сел каналынын коргонуу зонасына кирип, канал үстүнө мыйзамсыз курулуп калганы жүйөө катары келтирилген. Ошол сунуштама негизинде шаардык кеңеш Жалал-Абад облусунун административдик сотуна Жалал-Абад шаар мэриясынын 2007-жылдын 2-февралындагы №99 сандуу буйругун жараксыз деп таап берүүнү өтүнгөн. Доо менен бирге административдик доогер доо берүү мөөнөтүн калыбына келтирүү жөнүндөгү өтүнмө менен кайрылып, анда доо берүү мөөнөтүн калыбына келтирүүнү сураган. Жалал-Абад административдик соту 2024-жылдын 8-февралында аталган өтүнүчтөрдү канаттандырган. Азыр бул иш Жогорку соттун кароосунда турат.

Вице-мэри Кубанычбек Иманалиев буга катар эле тейлөө борбордун ээси менен өз ара сүйлөшүүлөр жүрүп, ал аталган жайды бошотуп бере турган болгонун кошумчалады.

«Жеке ишкер өз каалоосу менен макулдук берген. Н.Айтматова көчөсүндө жайгашкан имараттын дээрлиги ошол сүйлөшүүгө барган ишкерге карайт экен. Андан башка да бир-эки ишке бар. Алар менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.

Негизи тейлөө борбор сел каналдын үстүндө курулуп калган. Бул курулуш нормаларына жооп бербейт. Жайлар бузулса сел каналдын үстү ачылып, сквер курулат. Ага каржы булагы каралып жатат», — деди ал.

Жалал-Абад шаардык кеңештин төрагасы Нуртилек Орозбаев да прокуратуранын сунуштамасынын негизинде сотко кайрылышканын, шаардык, облустук соттон утушканын ырстады.

Тейлөө борбордун айланасындагы маселе 2018-жылы да шаардык кеңеште көтөрүлгөн. Анда стратегиялык мааниге ээ болгон каналдын нугун кароого өзгөчө маани берүү керектигин белгилешкен эле.

Сөз болуп жаткан жер Жалал-Абад шаарынын Курулуш куруу жана жер участогун пайдалануу комиссиясынын жер участогуна болгон укук беруү жөнүндөгу 2006-жылдагы протоколу менен 292,4 метр квадрат жер тилке түз сатуу жолу менен сатылган. Аны ошол мезгилдин шаар депутаттары колдошкон.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE