Жалал-Абад шаарындагы үйлөргө эртеңден тарта жылуулук бериле баштайт

Акыркы жанылыктар

TurmushЭртең, 9-ноябрдан тарта Жалал-Абад шаарында бардык мекеме, ишканаларга, мектеп, бала бакчаларга, саламаттыкты сактоо мекемелерине жана көп кабаттуу үйлөргө жылуулук бериле баштайт. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, борборлоштурулган жылытуу системасы аркылуу шаардагы көп кабаттуу 80 үй, 30дан ашуун бюджеттик жана коммерциялык мекемелер жылуулук менен камсыздалат.

Жалал-Абад шаарында 20 откана болсо, анын бардыгы оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, 1200 тонна көмүр, 300 тоннадан ашуун мазут камдалып,кышка толугу менен даяр.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️