Жалал-Абад шаарында жаңы курула турган скверге тоскоолдук жараткан соода жайлары буздурула баштады

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushЖалал-Абад шаарында курула турган жаңы скверге тоскоолдук жараткан соода жайлары буздурула баштады. Бул тууралуу Жалал-Абад шаарынын вице-мэри Кубанычбек Иманалиев билдирди.

Сөз калаанын Т.Байзаков проспектисинде жайгашкан «Бек-Бургер» тез татым жайы жана Н.Айтматова көчөсүндө жайгашкан «Бакыт» телеграфындагы соода түйүндөрү жөнүндө болуп жатат.

Вице-мэрдин айтымында, аталган имараттар быйыл август айынын аягына чейин толугу менен буздурулат.

«Азыркы тапта жер ээси жерди өткөрүп берип, бирок анын үстүндөгү мүлктөрүн бузуп алып чыгып кетүүнүн үстүндө иштеп жатат. Август айынын аягына чейин сөз болуп жаткан имараттар буздурулуп, ордуна сквер куруу иштери башталат. Биздин эсепте сквердин аянты 15-20 сотых болот. Бирок азыр анын долбоору даярдалып, сметасы түзүлүп жатат. Курулуш иши шаар бюджетинин эсебинен жүргүзүлөт», — деди Иманалиев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️