Жалал-Абад шаарында тапанча менен асманга ок аткан жаран кармалды

Акыркы жанылыктар

TurmushЖалал-Абад шаарында мыйзамсыз курал сактап жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 2024-жылдын 10-сентябрь күнү Жалал-Абад ШИИБге кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкери Т.А. арыз менен кайрылган. Анда Жалал-Абад шаарынын аймагында Н. аттуу жаран мыйзамсыз курал сактап жүргөндүгүн билдирген.

Бул факт Жалал-Абад ШИИБдинмаалыматтардын электрондук журналына катталып, териштирүү иштери башталган.

Жалал-Абад ШИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан ыкчам иш аракеттеринин негизинде, Жалал-Абад шаарынын көчөлөрүндө жайгашкан базарлардын биринде 1992-жылы туулган Н.А. аттуу жаран өзүнүн жанында ок атууга жарактуу болгон ТТ (Тульский Токарев) үлгүсүндөгү травматикалык тапанчаны көтөрүп жүрүп, асманга ок чыгаргандыгы аныкталган.

Аталган окуя болгон жерге кароо жүргүзүп, аталган тапанча далил буюм катары алынып, соттук-балллистикалык экспертиза дайындалган.

Пример HTML-страницы

2024-жылдын 12-сентябрь күнүн дайындалган экспертизанын жыйынтыгы менен Кылмыш-жаза кодексинин 267-беренеси (куралды ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү) менен катталып, кылмыш иши козголгон.

Кылмыш ишине шектүү катары Жалал-Абад шаарынын тургуну — 1992-жылы туулган Н.А. аттуу жаран кармалып, Жалал-Абад ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️