Жалал-Абад шаарында суусундук сатылган жайдагы жарылуудан кийин рейд башталды

Акыркы жанылыктар

TurmushЖалал-Абад шаарында газдалган суусундук сатылган жайларга рейд өтүп жатат.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, бүгүн, 13-июлда саат 10:07де Жалал-Абад шаарынын Т.Байзаков көчөсүндө жайгашкан «Тору» соода борборунун маңдайында жайгашкан газдалган суу сатуучу күркөдө кислороддук баллон жарылган. Анын кесепетинен 5 адам жарат алып, 1 жаран көз жумган.

Облус аймагында жарандык коргонуу кызматтарына айгай жарыяланып, ыкчам штабдык отурум өттү. Анда Жалал-Абад облусунун жарандык коргонуу башчысы Тилек Текебаев жана жарандык коргонуу башчысынын орун басары, полковник Абдулнасир Закиров тиешелүү тапшырмаларды берди.

Ага ылайык облустун аймагындагы тез тамактануучу жайлар жана кислороддук жана газ баллон колдонулган жайлар көзөмөлгө алынып, адистер тарабынан талапка жооп бербеген жайларды жабуу зарылдыгы белгиленди.

Жалал-Абад шаардык мэриясында газдалган суу сатуучу жайда катталган кырсык боюнча жыйын өткөрүлүп, тийиштүү кызматтарга газ баллон иштетилген тез татым жайларын, газдалган суу саткан жайларды, ашканаларды текшерүү тапшырмасы берилди.

Пример HTML-страницы

Анын негизинде тийиштүү кызматтардан турган атайын комиссия шаардын борбордук базарда жана анын айланасында рейд өткөрдү. Алдыда мындай текшерүү улантылат.

Буга чейин Turmush Жалал-Абад шаарында шербет даярдоочу жайда кислороддук баллон жарылып кеткенин жазган. Окуя бүгүн, 13-июлда болду.

Кичйинчерээк жабыркаган кыз каза болгону маалымдалган.

Жабыркагандар Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасында дарыланып жатат. Абалардын абалы жакшы.

Turmush басылмасынын кабарчысы окуянын чоо-жайын сураштырды.

Калаанын Т.Байзаков проспектисинде жайгашкан «Тору» соода борборунун жанында соода кылган сатуучунун айтымында, жарылуу орун алган суусундук сатылган жайда орто жаштагы келин иштеп жүрчү.

«Кийин ал иштебей, анын ордуна жаш баласы бар аке келип, суу менен кошо гамбургер да сатып жүрдү. Ал киши да ордун тапшырып кетип, эч ким иштетпей калган. 2-3 күндөн бери жаш кыз келип, суу сатып жаткан. Өзүм уюлдук компаниялардын биринде сим-карта сатып иштейм. Эртең менен ишке келе жатканда ошол кыз күркөнү ачып, чаңдарын аарчып жаткан экен. Мага кардар келип, маалымат берип жаткам. Бир учурда жарылган каттуу дабыш чыкты. Чочуп карасам, газ баллон күркөнүн чатырын тешип чыгып, андан соң тушунда турган банкка урунуп, бурчта отурган күзөтчүгө тийиптир. Аңгыча эл чогулуп, бети-башы таанылгыс болгон кызды алып чыгышты. Артынан тез жардам менен өрт өчүрүүчү унаа да келди. Нес болуп, эмне болгонун түшүнбөй калдык. Каза болгон сатуучу кыз 17 жашта болгонун айтып жатышат», — дейт күбө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️