Пример HTML-страницы

Жалал-Абад шаарында наабайчылар сатып алган ундун баасы кымбаттаганы байкалды

Акыркы жанылыктар

TurmushЖалал-Абад шаарында Казакстандан импорттолуп келген ундун наркы жогорулады. Turmush басылмасынын кабарчысы базардагы бааларды тактады.

Калаадагы «Адилет» базарында ун саткан Максаттын баамында, баалар бир апта мурун жогорулап баштаган. Ал бир гана сорттогу ундун баасы кымбаттагынын айтты.

«Негизи Кыргызстанга ун көбүнчө коңшу Казакстандан импорттолуп келет. Бул өлкөдөн чыккан ун өтүмдүү болот. Кардарлардын көбү «Орион» деген аталыштагы унду алат. 1-сорттогу бул ундун 1 кабы (50 кг) 1800 сомон сатылып жатат, мурда деле баасы ушундай болчу. Ал эми кымбаттады делген ун «Эталон» деп аталат, муну көбүнчө наабайчылар сатып алышат. Эки апта мурун бул ундун 50 килограммы 2500 сом болчу. Учурда 2900-3000 сомдон сатылууда. Кыргызстандан чыгарылган ундар да сапаттуу болууда. Айрымдагы өзүбүздүн ата мекендик өндүрүш деп сатып алышат», – деди ал.

Базарда азык-түлүк сатып алып жаткан сузактык Гүлжамалдын айтымында, ундун баасы кымбаттаганына маани деле берген эмес. Себеби биринчи сорттогу унду дайыма 1800 сомдон сатып алып, 1 айга жеткирет.

«4 балам, жолдошум менен бирге жашайбыз. Ар ай сайын шаарга келип, азык-түлүк сатып алып кетебиз. Айылда жашагандыктан нанды сатып албай, тандырга жабабыз. Дайыма Казакстандын 1800 сомдук 1-сорттогу унун алам. Азыр да сатып алдым, ундун баасы кымбаттаганы билинбейт. Биз сыяктуу анча кымбат эмес ун сатып алган жашоочуларга билинбесе керек. Нан сатып алып жеген үй-бүлөлөргө билинсе керек ойдомун. Азык-түлүктүн да наркы мурдагыдай эле экен», – деди ал.

Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын төрагасынын орун басары Жээналы Орозбаевдин айтымында, акыркы аптада унга болгон баа көтөрүлгөнү менен калган социалдык маанидеги товарлардын баасы туруктуу бойдон сакталууда.

«Бир апта мурун Кыргызстанда чыгарылган 1-сорттогу ундун наркы 1700-1750 сомдон болуп жаткан. Азыр баалар бир аз көтөрүлгөндөй. Ал эми өлкөгө импорттолуп келген Казакстандын 1-сорттогу уну 3300 сом, жогорку сорттогу ун 3600 сомго чейин сатылып жатат. Бул боюнча биздин кызматкерлер сатуучулар арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. Ош жана Жалал-Абад аймактарына жакын жердеги ун комбинаттар менен биргеликте ундун наркын түшүрүү аракети көрүлүүдө.

Ал эми аймакта социалдык маанидеги товарлардын баалары тыкыр көзөмөлдө болуп турат. Алсак, уй эти, кой эти, кум шекердин наркы мурдагыга караганда арзаныраак сатылууда», – деди Орозбаев.

Мындан сырткары ал 20-сентябрда Бишкек шаары жана Чүй облусунун аймагында ун жармаңкеси башталганын, анда 1-сорттогу ундун 1 килограммы 30 сомдон ашпай турганын кошумчалады.

Ундун баасынын өсүшү азырынча нандын баасына таасирин тийгизе электей. Жалал-Абаддагы дүкөндөрдө нан 25 сом өйдө сатылып жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Пример HTML-страницы


Пример HTML-страницы



Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE
Пикир калтырыныз.

Нажимая на кнопку "Отправить комментарий", я даю согласие на обработку персональных данных и принимаю политику конфиденциальности

https://www.binance.com/ru/activity/referral-entry/CPA?fromActivityPage=true&ref=CPA_00NB2ZZDKX