Жалал-Абад шаарында мамлекеттен 100 миң сом алып, максатсыз пайдаланган адамдын акчасы кайтарылды

Жалал-Абад шаарында мамлекеттен 100 миң сом алып, максатсыз пайдаланган адамдын акчасы кайтарылды Акыркы жанылыктар

TurmushЖалал-Абад шаарында 2024-жылы социалдык келишимден 100 миң сом алып, максатсыз пайдаланган 1 киши менен келишим жокко чыгарылып, акчасы кайтарылган. Мындай маалыматты Жалал-Абад шаардык эмгек-социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын башчысы Назира Жакыпова билдирди.

Анын айтымында, өткөн жылы калаада мамлекеттик келишим менен 240 үй-бүлөгө 100 миң сомдон акча алышкан.

«Былтыркы жылы жалпы 240 киши соцконтракт аркылуу долбоорлорун жазып, 100 миң сомдон алышкан. Алардын ичинен 47си соода-сатык менен алектенишет. Калгандары тигүүчүлүк, мал чарбачылы жана тамак аш-азыктарын жасоону тандап алышкан. Биздин кызматкерлер алардын аракетине 3 жыл боюу көз салып, мониторинг жүргүзүп келебиз. Эгер долбоору жакшы ишке ашпай, киреше таппай бара жатса жумушчу топ менен карап чыгып, долбоордун багытын өзгөртүп беребиз.

Аны менен катар биздин мекеме тарабынан жаш ишкерлер үчүн зарыл болгон окутууларды уюштуруп беребиз. Былтыркы жылы соцконтракттан 100 миң сом алып, аны максатсыз пайдаланган 1 жаран аныкталып, аны менен түзүлгөн келишим жокко чыгарылып, каражат мамлекеттин эсебине кайтарылып берилди», — деди Жакыпова.

Калкты жакырчылыктан чыгаруу максатын көздөгөн социалдык келишим долбоорунун алкагында 3 жылда Жалал-Абад шаарында 260 үй-бүлө 100 миң сомдон акча алышкан.

Бүгүнкү күндө Жалал-Абад шаарында аз камсыз болгон 3000ден ашык үй-бүлө каттоого алынган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️