Пример HTML-страницы

Жалал-Абад шаарында кичинекей кызды зордуктоого шектелген адам кармалды

Кыргыз спорт жанылыктары

Turmush24-июнь күнү Жалал-Абад шаарында 35 жаштагы адам 4 жаштагы кыз зордуктоого шектелип кармалды. Бул тууралуу Turmush басылмасына жергиликтүү тургундар билдиришти.

Маалым болгондой, окуя шаардын Спутник кичи шаарчасында болгон.

Жалал-Абад ОИИБ окуя болгонун ырастап, зордуктоо жөнүндө маалымат саат 18:30 чамасында келип түшкөнүн билдирди.

«Жалал-Абад шаарындагы көп кабаттуу үйдүн алдында 4 жаштагы кызды бейтаныш эркек киши зордуктап койгондугу кабарланган. Ал жерге тергөө тобу барып, окуя болгон жерге кароо жүргүзүп, далил буюмдар алынган. Топтолгон материалдар 24-июнь күнү Жалал-Абад ШИИБде Кылмыш-жаза кодексинин 154-беренеси (зордуктоо) менен катталып, кылмыш иш козголду. Кызга соттук-медициналык жана соттук-биологиялык экспертизалар дайындалган.

Кылмышка шектүү катары 1989-жылы туулган Б.Х. кармалып, экспертизалар дайындалып, 2 айга камакка алынган. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат», — деп айтылат маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE