Жалал-Абад шаарында эттин баасын жогорулатпай сатуу боюнча сатуучуларга эскертүү берилди

Акыркы жанылыктар

TurmushБүгүн, 18-сентябрда Жалал-Абад шаарында эт саткан соодагерлер менен жолугушуу өттү.

Мэриянын маалыматына караганда, жыйынга мэрдин биринчи орун басары Кубанычбек Иманалиев жана тийиштүү кызматтардын өкүлдөрү катышты.

Жыйында эттин баасы кескин жогорулап жаткандыгы айтылып, соодагерлерге бааларды негизсиз жогорулатпоо керек экендигин түшүндүрүштү. Ошондой эле кунажын этинин килограммы мындан ары 560 сомдон, букалардын жана кой этинин киллограммы 600 сомдон сатуу боюнча эскертилди.

Учурда эттин баасын көзөмөлдөө боюнча республикалык деңгээлде иш-аракеттер жүрүп жатат. Тагыраагы, мал-жандыктарды чет өлкөлөргө экспорттоого убактылуу тыюу салынып, сатуучуларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Пример HTML-страницы

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️