Жалал-Абад шаарында доллар 95 сомго бааланууда

TurmushЖалал-Абад шаарында доллардын наркы 95 сомго бааланууда. Аймактык кабарчы калаадагы акча алмаштыруучу жайлар жана банктарды кыдырып көрдү.

Калаанын борбордук базарында ишмердүүлүгүн жүргүзгөн «валютчиктер» бүгүндөн тарта рублдун куну көтөрүлгөнүн айтты.

«24-февралдан баштап рублдун куну түшүп, доллар көтөрүлүп жаткан. Ошол күндөрү доллар 97 сомго чыккан болчу. Бүгүндөн баштап рубль көтөрүлүп, доллардын куну түшүп жатат. Азыр биз сыяктуу акча алмаштырган жайларда 1 доллар 95 сом, ал эми 1 рубль 0,94-0,95 тыйындан болуп жатат. Азыр акча алмаштырганы келген адамдар көп болуп жатат», — деди алардын бири Мухамед.

Ал эми, ушул тапта банктарда 1 доллар 95-96 сомго бааланса, 1 рубль 90 тыйындан 96 тыйынга чейин бааланууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️