Пример HTML-страницы

Жалал-Абад шаарында чет өлкөлүк студент кыз 14 күндөн бери ойгоно элек. Дарыгерлер комментарий беришти

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushЖалал-Абад шаарында унаа коюп кеткен чет өлкөлүк студент кыздын абалы акырындык менен жакшырууда. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук биргелешкен ооруканасынан билдиришти.

Маалым болгондой, ушул тапта анын абалы туруктуу оор деп бааланууда.

«14-май күнү биздин бейтапканага оор абалдагы индиялык кыз келип түшкөн. Анын баш мээсине катуу сокку болуп, ошол күнү ага шашылыш операция жасалган. Тактап айтканда, башынын ички бөлүгүндө уюган кандарды тазаладык. Ушул тапта чет өлкөлүк студент кыз жандандыруу бөлүмүндө жатат. Башында анын абалы өтө оор эле. Азыр акырындык менен калыбына келип, абалы туруктуу оор деп бааланууда. Комада, ойгоно элек. Биздин ак халатчандар колдон келген бардык аракеттерди көрүп, көз салып жатабыз», — деди реаниматолог Жамшид Жакыпов.

Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, 2024-жылдын 14-майында саат 22:00 чамасында Жалал-Абад ШИИБге жол кырсык тууралуу кабар келип түшкөн. Анда Жалал-Абад шаарынын Курманбек көчөсү менен түштүктөн түндүктү карай бара жаткан «Мерседес-Бенц» үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу — 2001-жылы туулган Т.К. аттуу жаран Жалал-Абад мамлекеттик медициналык факультетинин 2004-жылы туулган студенти T.K. (кыз) — Индиянын жаранын сүзүп кеткендиги кабарланган.

Натыйжада чет өлкөлүк кыз башынан жараат алып, Жалал-Абад облустук биргелешкен клиникалык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган.

Аталган факт 2024-жылдын 24-майында Жалал-Абад ШИИБдин тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 312-беренеси менен катталып, кылмыш иши козголгон. Ошондой эле тиешелүү экспертизалар дайындалган.

2024-жылдын 25-майында айдоочу К.Т. Кыргыз Республикасынын КЖПКнын 96-беренесинин негизинде шектүү катары кармалып, Жалал-Абад ШИИБдин УКЖна киргизилген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE