Жалал-Абад шаарында аялдамалардын жоктугу нааразычылык жаратууда

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushЖалал-Абад шаарында башаламан токтогон автобустар, аялдаманын жоктугу шаар тургундарын убайымга салууда. Turmush басылмасынын кабарчысы бул көйгөй качан чечилерине жана мындан ары кандай чара көрүлөрүнө кызыгып көрдү.

Жалал-Абад шаарынын тургуну Мунара Мамадалы кызы күн сайын жумушуна автобус менен каттайт. Ал бейчеки токтой берген коомдук транспорттун айдоочуларына нааразы.

«Күндө жумушка автобус менен каттайм. Мени ачуулантканы жол жээгинде атайын аялдамалар жок. Мындан улам жүргүнчүлөр чуурулуп ар жерге турушат. Айдоочулар да көрүнгөн жерге токтоп, жүргүнчүлөрдү алып же түшүргөндү адатка айлантып алышкан. Жумушка жетүү үчүн кеминде 30-40 мүнөт эрте чыгышың керек. Антпесе ишке кеч каласың. Мындай нааразычылык бардык эле жүргүнчүлөрдө бар. Кээде айдоочулар жүргүнчүлөрдү албай да кетип калган учурлар болбой койбойт», — деди ал.

Жалал-Абад шаарынын вице-мэри Жаныш Раимжанов быйыл жыл соңуна чейин калаада 26 аялдама курулуп, эреже бузган коомдук транспорттун айдоочуларына айып пулдар салынарын айтты.

«Акыркы 2 жылда шаардагы борбордук көчөлөр кеңейтилип, оңдолуп жатат. Ага чейин деле борбордук көчөлөрдө аялдамалар жок болчу. Бул көптөн бери эле келе жаткан көйгөй, шаар тургундарынын койгон талабы туура. Бирок быйыл бюджеттен 5 млн 700 миң сом акча бөлүп, жалпы 26 аялдама куруп жатабыз. Ушул тапта Пушкин жана Б.Осмонов көчөлөрдүндө аялдамалардын ордун бетондоо иштери жүрүп жатат. 3 аялдама курулуп бүтүп, актап-сырдоо иштери жүргүзүлүшү керек. Бирдей фасаддагы аялдамалар шаардын бардык борбордук көчөлөрүнө курулат», — деди Раимжанов.

Пример HTML-страницы

Вице-мэри буга чейин шаар аймагындагы эски аялдамалар ишкерлерге ижарага берилип, ал жердин жарымын бизнес катары иштетип келсе, быйыл мындай жобо жок экенин кошумчалады.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️