Пример HTML-страницы

Жалал-Абад шаарында 7 кишиге кайрылман макамы берилди

Акыркы жанылыктар

TurmushЖалал-Абад шаарында быйыл жыл башынан бери 7 кишиге кайрылман макамы берилди. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык эмгек социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын башкы адиси Абдырахман Абдыкадыров билдирди.

Анын айтымында, акыркы жылдары сөз болуп жаткан кайрылман күбөлүгүн сурап кайрылган этникалык кыргыздар көп болууда.

«Баарына белгилүү болгондой, биздин министрлик этникалык кыргыздарга кайрылман статусун берүү боюнча да иш алып барып келебиз. Акыркы жылдары бизге кайрылган жарандар көп болууда. 2 жылда, тагырагы, 2023-2024-жылдары жалпы 15 кишиге күбөлүктөр берилди. Алардын ичинен 11 адам Өзбекстандан келген болсо, калган 4 адам Тажикстандан келген жарандар. Алардын ичинен 5 кишини биздин бөлүм туруктуу ишке жайгаштырганбыз. Калган жарандарды да иш менен камсыздоо планыбыз бар», — деди ал.

Социалдык өнүктүрүү жана миграция министрлигинин башкармалыгынын маалыматы боюнча 2023-жылдын 11 айында 464 этностук кыргыз кайрылман макамын алган. Макам алгандардын көбү Тажикстандан көчүп келгендер. Мындан сырткары Өзбекстан, Россия, Түркмөнстан, Кытай жана Ооганстандан келип, арыз менен кайрылгандар бар. 2022-жылы башка өлкөлөрдө жашаган 507 этникалык кыргыз кайрылман макамын алган. 4549 киши бул макамдын негизинде Кыргызстандын паспортуна ээ болгон.

———————————————

Кайрылман – чет өлкөнүн жараны же жарандыгы жок адам болуп саналган, Кыргыз Республикасына ыктыярдуу түрдө көчүп келүүчү жана кайрылман статусун алган этностук кыргыз;

Этностук кыргыз – чет мамлекеттин жарандыгына ээ кыргыз улутундагы адам же жарандыгы жок кыргыз улутундагы адам;

Кайрылман статусу – Кыргыз Республикасынын жарандыгын алганга чейинки убактылуу укуктук статус;

Кайрылман статусун берүү жөнүндө өтүнүч аймактык органга кайрылман статусун берүү жөнүндө өтүнүч берген адамдардын эркин билдирген документ;

Кайрылмандын ырастамасы – кайрылман деп таанылган адамдын инсандыгын ырастаган жана бул адамды жана анын үй-бүлөсүнүн мүчөлөрүн Кыргыз Республикасынын аймагында турган жери боюнча калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык органдарында каттоо жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жеңилдиктерди алуусу үчүн негиз болуп берген документ.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE