Пример HTML-страницы

Жалал-Абад шаарында 580 млн сомго медициналык мекемелердин имараттары курула баштады

Акыркы жанылыктар

TurmushЖалал-Абад облустук бейтапканасында 3 бөлүмдөн турган 100 орундуу имараттын курулушу башталды.

Капсула салуу аземине президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев, Жалал-Абад облустук биргелешкен бейтапканасынын башкы дарыгери Кумар Ботокараев, шаардын вице-мэри Гүлбарчын Таштанбекова ак халатчандар жана башкалар катышты.

Курулуш Жалал-Абад шаарын экинчи экономикалык борборго айлантуунун максатында казынадан бөлүнгөн 2 млрд сомдун ичинен курулуп жатканы айтылды.

«Бейтапкананын неврология, терапия жана жасалма бөйрөк бөлүмдөрүнүн кызматкерлери буга чейин эскилиги жеткен, шарты жок имаратта иш алып барчу. Мындай көрүнүш ак халатчандарга эле эмес, мында дарыланган бейтаптарга да ыңгайсыздык жаратып келчү. Бүгүнкү күнү 3 кабаттан турган имараттын курулушу башталды. Жумуштар аягына чыкса, буга чейин айтылган 3 бөлүм көчүрүлөт. Заманбап имарат эле эмес, ичиндеги бардык шарттар, жабдуулар менен бирге пайдаланууга берилери айтылып жатат. Эгер курулуш аягына чыгып, пайдаланууга берилсе биздин жумуштун алга жылуусуна шарт жаралат», — деди башкы дарыгер Кумар Ботокараев.

Жалал-Абад облустук клиникалык бейтапканасында жалпы 17 бөлүм иш алып барып, 595 орунга ылайыкташкан. Мында жалпы 930 кызматкер эмгектенет.

Аны менен катар Жалал-Абад облустук кургак учукка каршы күрөшүү борборуна да 96 койкалуу заманбап бейтапкананын курулушуна старт берилди. Ал октябрь айында пайдаланууга берилери айтылды. Борбордун башкы дарыгери Бурулкан Кадырова азыр иш алып барып жаткан имараттын эскилиги жеткенин айтат.

«Биздин борбордогу эски имарат 1948-жылы курулган. Андан бери өзүбүз актап, сырдап, айнек-эшиктерин алмаштарып чарчадык. Негизи бизге келген бейтаптар таза, жылуу, жарык бөлмөлөрдө жатып дарыланышы керек. Бирок биздин айрым бөлүмдөрүбүздөн ным тээп, сыз болуп ыңгайсыздык жаратчу. Эми заманбап жер төлөсү, мындан сырткары 3 кабаттуу имарат курулганы турат. Ал пайдаланууга берилсе, биз үчүн абдан жакшы болот. Долбоорунда биз ак халатчандар үчүн эле эмес, бейтаптар үчүн да жакшы шарттар жаратылат экен. 3,5 гектарды ээлеп турган кургак учукка каршы күрөшүү борборунда бир нече корпус бар. Эгер жаңы имарат колдонууга берилсе аларды мүмкүн буздурабыз», — деди башкы дарыгери Б.Кадырова.

Жылына 900дөн ашык адам дарыланып кеткен кургак учукка каршы күрөшүү борборунда ушул тапта 250дөй кызматкер эмгектенет. Борбор 350 орунга ылайыкташкан.

«Буга чейин баарыбызга белгилүү болгондой, Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин Жалал-Абад шаарын экинчи экономикалык борборго айлантуу боюнча токтому чыгып, республикалык бюджеттен 2 млрд сом бөлүнүп берилген. Анын алкагында облустук бейтапкананын бөлүмүнүн курулушу жана облустук кургак учукка каршы күрөшүү борборунун курулушу башталган. Облустук бейтапкананын неврология, терепия жана жасалма бөйрөк бөлүмдөрүнүн имаратынын курулушуна тендер жарыяланып, аны 280 млн сомго “Архстрой Бека” ЖЧКсы утуп алып, ишти баштады. Жумуштар ушул жылдын сентябрь айында толугу менен бүткөрүлөт. Ал эми, кургак учукка каршы күрөшүү борборунун имаратынын курулушун ӨКМдин алдындагы куруу отряды утуп алып, жумушту баштады. Курулуштун сметалык баасы 300 млн сом. Ал октябрь айында толугу менен бүткөрүлүп, пайдаланууга берилет», — дейт облус жетекчиси А.Сыргабаев.

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин маалымат базасында «Архстрой Бека-Нур» ЖЧКсынын жетекчиси Аттокуров Бекмамат Зайнабидинович, уюштуруучусу Аттокурова Уркуя көрсөтүгөн.

ЖЧК 2017-жылдын 11-январында катталган, негизги ишмердүүлүгү турак жана турак жай эмес имараттарды куруу болуп саналат.

Буга чейин калаа башчысы Эрнисбек Ормоков Turmush басылмасына берген маегинде республикалык казынадан бөлүнгөн 2 млрд акча каражаты 3 этапта пайдаланыларын айткан. Анда маалым болгондой, социалдык объекттерди куруу, шаардын инфраструктурасын жакшыртуу багыты жана шаар казынасына тыйын түшүрүү үчүн ар кандай заводдорду куруу.

Быйыл калаада эки оорукананын имаратынан сырткары «Нооруз» эс алуу багына 100 орундуу кинотеатрдын курулушу да жүргүзүлөт.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE