Жалал-Абад шаарында 500 жана 650 орундуу 2 мектеп пайдаланууга берилди

Акыркы жанылыктар

TurmushЖалал-Абад шаарында 2 мектеп пайдаланууга берилди. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы билдирди.

Маалым болгондой, Жалал-Абад шаарынын Ынтымак айылында 500 орундуу Мыктарбек Төрөмаматов атындагы Масадан айылындагы 625 орундуу Фуркат мектебинин ачылды. М.Төрөмаматов атындагы мектеби 500 орунга ылайыкталган. Ал 2 кабаттан туруп, бардык шарттар түзүлгөн жана спорт залдарына чейин бүткөрүлгөн. Бул мектептин эскилиги жетип, авариялык абалга келгендиктен, 2019-жылы мектептин курулушу башталган. Мектепти курууга республикалык бюджеттен жалпы 84 миллион сомдон ашуун акча жумшалган.

Фуркат айылындагы мектептин курулушу 40 жылга созулган. Андагы жумуш акыркы 3 жылда катуу жанданып, быйылкы жаны окуу жылына толук бүткөрүлдү. Мектеп 3 кабаттан туруп, 625 орунга ылайыкташкан. Анын курулушуна республикалык бюджеттен 83 млн 936 миң сом жумшалды.

Аймактарды ирилештирүугө чейин андагы мектеп Сузак районуна караштуу Ырыс айыл аймагына карап келген болчу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Пример HTML-страницы

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️