Пример HTML-страницы

Жалал-Абад шаарында 350 балага оюн-зоок уюштурулуп, шириндик жана балмуздактар таратылды

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushЖалал-Абад шаарында аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдө тарбияланган 350 балага муниципиалдык оюн-зоок борборунда майрам уюштурулуп, шириндик, балмуздактар таратылды.

Жалал-Абад шаарынын мэринин орун басары Гүлбарчын Таштанбекованын айтымында, шаар бюджетинен 560 миң сом акча бөлүнүп, 1010 бала үчүн 500 сомдон которулду.

«1-июнь — Балдарды коргоо күнүнө карата жыл сайын Жалал-Абад шаардык мэриясы иш-чараларды уюштуруп келебиз. Бул жылы шаардык социалдык коргоо бөлүмүнүн каттоосунда турган аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдө тарбияланган 350 баланы чакырып, майрамдык иш-чара өткөрдүк. Тактап айтканда, бул жылы балдардын коопсуздугу үчүн калаадагы «Данек» оюн-зоок борборунда акысыз оюн уштуруп, демөөрчүлөрдүн колдоосу менен балдарга шириндик, балмуздак таратып, жакшы маанай тартууладык. Мындан сырткары калаа казынасынан 560 миң сом акча каражатын бөлүп, 1010 баланын эсеп карталарына 500 сомдон которуп бердик», — деди калаа башчысынын орун басары Г.Таштанбекова.

Шаардык социалдык коргоо бөлүмүнүн берген маалыматына таянсак, Жалал-Абад шаарында расмий каттоодон турган 3500 аз камсыз болгон үй-бүлө бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE