Жалал-Абад шаарында 13 өспүрүм оор жумушка тартылганы аныкталды

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushЖалал-Абад шаарында «Эмгек-өспүрүм» аталышындагы рейд өткөрүлдү.

Мэриянын маалыматы боюнча, рейдге социалдык өнүгүү бөлүмүнүн, шаардык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын үй-бүлө жана балдарды коргоо бөлүмүнүн, шаардык ички иштер бөлүмүнүн жашы жете электер менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери катышты. Рейддин максаты өспүрүмдөрдүн жайкы эс алуу мезгилинде оор жумуштарга тартылуусуна, алардын психологиялык, физикалык жактан жабыр тартуусуна жол бербөө болуп саналат.

Рейддин жүрүшүндө 13 өспүрүм оор жумушка тартылганы аныкталып, ата-энелерине түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, эскертүүлөр берилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️