Жалал-Абад шаарында 1 жумада жүргүнчү ташыган автобустун катышуусунда 3 кырсык катталды

Акыркы жанылыктар

TurmushЖалал-Абад шаарында бир апта ичинде жүргүнчү ташыган автобустун катышуусунда 3 жол кырсык катталды.

Окуянын күбөлөрү Turmush басылмасына билдиргендей, жол-транспорт кырсыгы кечээ, 31-октябрда калаанын А.Пушкин көчөсүндө орун алган. Күбөлөрдүн видеосунан «Дэу Нексия» үлгүсүндөгү унаа жүргүнчү ташыган автобусту капталынан сүзүп, алдыңкы фаралары сынып кеткенин көрүүгө болот.

Кырсыктан жабыркагандар жок.

Ал эми муниципалдык автобазанын жетекчиси Автандил Максүтов: «Социалдык тармактардагы жүргүнчү ташыган автобус кырсыкка кабылды деген маалымат чындыкка дал келбейт. Окуядан кийин тактоо иштерин алып барганыбызда жеңил унаа Таш-Булак тараптан каттуу ылдамдыкта чыгып, жол чыракка жетише албай, тормозун басып, автобуска жакын келип токтогон. Аны ошол жердеги күбөлөр кырсыктады деп чыгарышыптыр», — деди.

Жалал-Абад шаардык муниципалдык автобазанын балансында жалпы 60 автобус бар, анын ичинен 10у электробус. Жүргүнчү ташыган 50 автобусту былтыр президент Садыр Жапаров Жалал-Абад шаарынын 146 жылдыгын утурлай белекке берген болчу.

2024-жылдын 27-октябрь күнү калаанын Спутник кичи районунда жүргүнчү ташыган автобус шагыл жүктөгөн «КамАЗ» менен сүзүшкөн. Эч ким жабыркаган эмес.

Ошондой эле 30-октябрда саат 13:00 чамасында Жалал-Абад шаарынын Ж.Бакиев жана А.Чехов көчөлөрүнүн кесилишинде автобус катышкан дагы бир кырсык катталган.

№4 автобустун айдоочусу «Тойота Королла» унаасынын айдоочусу менен жол талаша кетип, жеңил унаа жүргүнчү ташыган автобустун оң тарабынан сүзүп алган. Жабыркагандар жок.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️