Пример HTML-страницы

Жалал-Абад шаарына өзбекстандык футболчулар келди. Сүрөт

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushКечээ, 3-илюда Жалал-Абад шаарына Өзбекстандын футбол боюнча курама командасы келди.

Маалым болгондой, алар CAFA U-20 Championship 2024 турнирине катышат. Футболчуларды «Бек-Абад» көзөмөл-өткөрмө бекетинен Жалал-Абад шаарынын мэриясынын аппарат жетекчиси Миргүл Эгемова, шаардык дене тарбия жана спорт бөлүмүнүн башчысы Таласбек Нуралиев, маданият кызматкерлери жана жаш футболчулар тосуп алышты.

5-июлдан 12-июлга чейин CAFA U-20 Championship 2024 турнири өтөт. Ага Кыргызстан, Өзбекстан, Тажикстан, Афганистан, Иран жана Түркмөнстандын командалары катышат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE