Жалал-Абад шаары 2025-жылы түрк дүйнөсүнүн туристтик борбору болуп жарыялоо чечими колдоо тапты

Акыркы жанылыктар

TurmushБүгүн, 25-сентябрда Жалал-Абад шаарында Түрк мамлекеттеринин уюмунун (ТМУ) туризм боюнча министрлер кеңешинин 9-жыйыны өттү.

Анда 2025-жылы Жалал-Абад шаары түрк дүйнөсүнүн туристтик борбору деп жарыялоо чечими кабыл алынды. Жыйынга Өзбекстан, Азербейжан, Түркия, Венгрия, Казакстан (онлайн) өлкөлөрүнүн туризм боюнча министрлери жана президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев катышты.

Туризм боюнча министрлер кеңешинин курамындагылар эмки жылы өтүүчү саамалыктарды карашты. Бул чечим расмий түрк тилдүү уюмунун кеңешинде каралып, расмий түрдө протокол менен бекитилет. Жыл аягында Түрк мамлекеттеринин президенттери жолугушат.

Жолугушуунун негизги максаттарынын бири — туруктуу жана экологиялык туризмге өзгөчө басым жасоо менен туризмди өнүктүрүү боюнча биргелешкен стратегияны иштеп чыгуу. Ошондой эле, эл аралык туристтерди тартуу жана түрк элдеринин маданий мурасын даңазалоо үчүн бирдиктүү туристтик маршруттарды түзүү пландары талкууланды. Мында кышкы туризмге басым жасалды.

2024-жылы Түркстан шаары турк уюму тарабынан туристтик борбор катары жарыяланган.

Пример HTML-страницы

2023-жылы өлкө башчысы Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө өлкө башчыларынын жыйынында, 2025-жылды Улуу Жибек Жолунун бир бутагында жайгашкан «Жалал-Абадды Түрк дүйнөсүнүн туристтик борбору» деп жарыялоону сунуштаган болчу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️