Жалал-Абад шаардык милициясынын мурунку имараты бала бакчага айланат. Оңдоо иштери жүрүп жатат

Акыркы жанылыктар

TurmushЖалал-Абад шаардык ички иштер бөлүмүнүн мурунку имараты бала бакчага ылайыкташып оңдолуп жатат. Бул тууралуу Turmush басылмасына Жалал-Абад ОИИБден билдиришти.

Маалым болгондой, 120 орунга ылайыкташкан мектепке чейинки билим берүү уюму быйыл сентябрь айында пайдаланууга берилет. Имарат Кашкин көчөсү, 6 дарегинде жайгашкан. Учурда эки кабаттуу имараттын бөлмөлөрүндө кеңейтүү жумуштары жүрүүдө.

Бул имарат 120 балага ылайыкташкан бакчага айланып, Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын балансында болот.

Turmush 2023-жылдын октябрь айында Жалал-Абад шаардык ички иштер бөлүмүнүн жаңы имаратында оңдоп-түзөө иштери жүрүп жатканын жазган.

Жалал-Абад шаарынын Эркиндик көчөсүндөгү 3 кабаттан турган имарат буга чейин Экономика жана коммерция министрлигинин алдындагы Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун балансынан Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгына өткөрүлүп берилген.

Ал эми Эркиндик көчөсүндөгү 3 кабаттуу имаратта Жалал-Абад шаардык соту жана шаардык прокуратура жайгашып, бир имаратта иш алып барып келчү. 2023-жылдын август айында шаардык сот сот адилет үйүнө, ал эми шаардык прокуратура мурдагы облустук соттун имаратына көчүрүлгөн.

Пример HTML-страницы

Бул эки имарат тең Кадыржан Батыровдув Эл достугу университетинин имараты болчу.

————————————————-

Кадыржан Батыров 1956жылы 9мартта ЖалалАбадда туулган. Ал Кыргызстандагы өзбек коомунун лидери болгон.

К.Батыровго өлкөнүн түштүгүндө массалык баш аламандык уюштуруу боюнча айып тагылып, Кыргызстандан чыгып кеткен. Кыргызстандын Башкы прокуратурасы ага эл аралык издөө жарыялаган болчу. Ал эми 2012-жылы сот аны өмүр бою эркинен ажыраткан. 2011-жылы соттун чечими менен мүлкү конфискацияланган.

Ал Швецияда сасий башпаанек алган.

Кыргызстандын парламентинин мурунку депутаты Кадыржан Батыров 2018жылы 4-декабрга караган түнү 62 жашында Украинанын Одесса облусунда көз жумган.

Жалпыга маалымдоо каражаттарынын маалыматы боюнча, ал намаз окугандан кийин уктап, бирок кайра ойгонгон эмес. Ал Ташкенттеги көрүстөндө жерге берилген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️