Жалал-Абад шаардык милициясына жаңы жетекчи келди

Акыркы жанылыктар

TurmushМилициянын подполковниги Чыңгыз Айтимбетов Жалал-Абад шаардык ички иштер бөлүмүнүн башчысы кызматына дайындалды. Тиешелүү буйрукка ички иштер министри кол койду.

Жаңы дайындалган жетекчини Жалал-Абад ОИИБдин башчысы Марлис Асанов өздүк курамга тааныштырды.

Чыңгыз Айтимбетов буга чейин Ош ШИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн башчысы кызматында иштеп жаткан. Бул кызматка 2023-жылдын февраль айында дайындалган.

  • Буга чейин Жалал-Абад шаардык ички иштер башкармалыгынын башчысы болуп милициянын полковниги Мирлан Батыров иштеп жаткан. Ал бул кызматка 2023-жылдын сентябрь айынын аягында дайындалган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Пример HTML-страницы

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️