Жалал-Абад шаардык кеңешке жаңы депутат келди

TurmushКечээ, 18-мартта Жалал-Абад шаардык кеңешинин кезексиз сессиясынын алдында Калбаев Советбек Абийбиллаевичке депутаттык төш белги жана күбөлүк тапшырылды. Бул тууралуу шаар мэриясынын маалымат борбору билдирди.

Ал мамлекеттик кызматка дайындалып, мандатын тапшырган «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынан депутат Майрамбек Адылбековдун ордуна тизме боюнча келди.

Эл өкүлүнө депутаттык төш белги жана күбөлүктү шаар мэри Эрнисбек Ормоков жана шаардык кеңештин төрагасынын орун басары Буниса Мамадалиева тапшырып, эл өкүлүнүн ишмердигине ийгиликтерди каалады.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️