«Жалал-Абад» санаториясында дагы бир 40 орундуу коттедж пайдаланууга берилди

Акыркы жанылыктар

TurmushБүгүн, 12-июлда «Жалал-Абад» санаториясында 2 кабаттан турган 40 орундуу коттедж пайдаланууга берилди.

Turmush басылмасынын кабарчысы билдиргендей, ачылыш аземге Президенттин администрациясына караштуу Санаториялык-курорттук, эс алуу жана туристтик объекттердин ишин башкаруу боюнча дирекциянын жетекчиси Данияр Токтотемиров, Жалал-Абад шаарынын биринчи вице-мэри Кубанычбек Иманалиев, «Жалал-Абад» санаториясынын жетекчиси Рамиз Каимов баштаган бийлик өкүлдөрү катышты.

Маалым болгондой, санаторияда эгемендүүлүк алгандан бери заманбап имараттарды куруу иши эми колго алынып баштады. Тактап айтканда, 2023-жылы мекеменин өздүк эсебинен 40 орундан турган 2 коттедждин курулушу башталып, өткөн жылдын аягында бири пайдаланууга берилген болчу. Быйылкы жыл башталгандан бери коттеджге эс алуучулар кабыл алынып баштаган. Бүгүндөн тарта дагы бир имарат ишке кирди.

Санаториянын жетекчиси Рамиз Каимовдун айтымында, бул иш-аракеттер эс алуучуларга шарт түзүү максатында аткарылууда.

«Бизде корпустар негизинен СССР мезгилинде курулган. Имараттар стандартуу болуп, ажаткана, жуунуучу жай жалпы болгон десек болот. Азыркы эс алуучулар ажаткана, жуунучу жайы, баары ичинде болуусун каалашат. Эс алуучулардын талабы менен баары ичинде болгон имарат салууга бел байлап, аягына чыгардык», — деди ал.

Пример HTML-страницы

Мындан сырткары чакан үйлөр курулууда. Тактап айтканда, учурда 4 чакан үй курулуп жатат, эми дагы экөө курулат. Жакынкы 15-20 күндүн ичинде курулушу жүрүп жаткан жайлар пайдаланууга берилет. Алардын ар биринин курулушуна 1 миллион сомдун тегерегиндеги каражат жумшалууда. Ошондой эле олимпиадалык бассейн куруу үчүн котлованы казылып баштады. Бул жумуштар 1 ай аралыгында бүтөт, бирок кийинки жылдан тарта пайдаланууга берилет. Мунун баары мекеме тапкан бюджеттен каржыланууда.

Ал эми Президенттин администрациясына караштуу Санаториялык-курорттук, эс алуу жана туристтик объекттердин ишин башкаруу боюнча дирекциянын жетекчиси Данияр Токтотемировдун айтымында, аларга 6 объекти башкарууга өттү.

«Башкарууга өткөн санатория, курортторду оңдоп-түзөө жумуштары башталды. Ысык-Ата курорту толугу менен оңдоодон өтүп бүтүп калды. Карыздары менен өткөн санаториялар болду, 80 миллиондон ашык акча каражаты бөлүнүп берилип, карыздар жабылды. Азыр эми санатория, курорттор өнүгүү жолуна түштү. Сатылып кеткен жерлерди кайтаруу боюнча иштер жүрүп жатат», — деди ал.

Президенттин иш башкармалыгы тарабынан Жалал-Абад курортуна да каражат каралып жатат. Белгиленген акча каражаты бөлүнсө, мейманкана куруу жумушу башталат.

«Жалал-Абад» санаториясындагы орун 420га жетти. Чакан үйлөр курулуп бүтсө, 450 орунга жетет. Бул жайга жылына 12 миңден ашуун эс алуучу келет.

Өткөн жылы пайдаланууга берилген коттедж:

—————————————————————-

Буга чейин Turmush «Жалал-Абад» санаториясы мамлекеттин карамагына өткөнүн жазган.

Президенттин иш башкармалыгынын жетекчиси Каныбек Туманбаев санаториянын абалын жеринен көргөн. Ал президенттин тапшырмасы менен санаторийдин кызматкерлеринин эмгек акысы 100 пайызга көтөрүлө турганын кошумчалаган.

«Жалал-Абад» санаториясын Рамиз Каимов жетектеп жатат.

«Жалал-Абад» санаториясы — Кыргызстандагы өзгөчөлөнгөн дарылоо жана эс алуучу жай. Ашказан, ичеги-карын жана муун ооруларын дарылоодо өлкөдө эле эмес, Орто Азияда лидерлик кылат. Шаар четинен 3 км 400 метр аралыкта жайгашып, шаардан 975 метр бийктикте турат. Аянты 38,5 гектарды ээлейт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️