«Жалал-Абад» санаториясында A-frame тибиндеги 4 конок үй пайдаланууга берилди

Акыркы жанылыктар

Turmush«Жалал-Абад» санаториясында A-frame (А-фрейм) тибиндеги 4 коттедж пайдаланууга берилди.

Turmush басылмасынын кабарчысы билдиргендей, ачылыш аземге президенттин иш башкаруучусунун биринчи орун басары Бообек Салимжанов, президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Максат Сыдыков, Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнис Ормоков, «Жалал-Абад» санаториясынын жетекчиси Рамиз Каимов, тургундар жана кызматкерлер катышты.

Иш-чарада Бообек Салимжанов иш башкармалык тарабынан өлкөнүн аймагындагы курорттук объектилерди жакшыртуу үчүн жүрүп жаткан иш мерчемдерге токтолду. Ошондой эле «Жалал-Абад» курортунда да өнүгүү жанданып жатканын белгилеп, келээрки жылы заманбап мейманкага салына турганын, иш башкармалык тарабынан каржылык колдоо маселеси чечилип жатканын белгиледи.

Жаңы типтеги конок үйлөрдө эс алуучулар үчүн шарт түзүлдү. Ар бирине 1 миллион сомдун тегерегиндеги каражат сарпталды.

«Президенттин иш башкармалыгы тарабынан биз билгенден Ала-Арчада ушундай типтеги конок үйлөрү салынган экен. Биз да ал кадамды көрүп салдык. Буга чейин бизге дарыланууга келип жүрүшсө, мындан кийин эс алуу үчүн келгендерге да шарт түзүп жатабыз. Үй-бүлөлөр үчүн да сонун шарт десек болот. Буга чейин Профсоюз федерациясы тарабынан жолдомо берилип, эс алуучулар келчү. Биздин каражаттын 40-50 пайызы жолдомодон түшчү. Азыр эми жолдомолорго мораторий кирген. Каржы булактарыбызды түздөн-түз өзүбүз табышыбыз керек. Бизге мейманкана сурап келгендер да көп болуп жатат. Ошол үчүн алгач 4 конок үй салдык. Дагы экөөнү куруп жатабыз. 15-20 күндө алардын да курулушу бүтөт. Ден соолугун чыңдоо үчүн келгендерге гана эмес, эс алуу үчүн келгендерге да шарт түзүү болуп жатат», — дейт Каимов.

Пример HTML-страницы

«Жалал-Абад» санаториясы өзүнүн каржы булагынан акыркы 2 жылда 2 кабаттуу 40 орундуу болгон 2 корпусту пайдаланууга берди. A-frame (А-фрейм) тибиндеги үйлөр үчүнчү жолку объект болууда. Эс алуучулар үчүн бассейн да курулуп жатат.

«Жалал-Абад» санаториясынын аймагындагы минералдык булактар жергиликтүү элге 20 кылымдан бери белгилүү. Суунун химиялык анализи алгачкы жолу 1877-жылы алынган. 1887-жылы санаторий болуп уюшулуп, 10-15 орунга шарт түзүү иштери башталган.

Санаториянын 2023-жылдагы бюджети 142 миллион сомго жакын болгон.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️