Жалал-Абад ОИИБдин башчысы мурда милиционерлер кармалган Сузак РИИБдин иши менен таанышты

Акыркы жанылыктар

TurmushЖалал-Абад ОИИБдин башчысы Жеӊишбек Абитов Жалал-Абад ШИИБдин жана Сузак РИИБдин өздүк курамы менен жолугушту.

Маалым болгондой, жолугушууда Жеӊишбек Абитов кызматкерлерди мыйзамдуулукту жана тартипти бекем сактоого чакырды. Коомдук жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоодо, тергөө амалдарын, профилактика иштерин жүргүзүүдө, катталган кылмыштардын бетин ачууда таза, акыйкаттуулук менен иш алып баруу зарылдыгын белгиледи. Элге сервистик тейлөөлөрдү көрсөтүүдө, жарандардын арыз-даттанууларын кабыл алууда өз жумушуна кайдыгер карабай, мыйзам чегинде чараларды көрүү керектигин айтты.

Андан соӊ Жеӊишбек Абитов милиция бөлүмдөрүнүн имараттары, убактылуу кармоочу жайлардын санитардык абалы, шаардык жана айылдык милиция бөлүмчөлөрү менен таанышып, бир топ кемчиликтерди белгиледи. Кызматтык автоунаалардын абалын көрдү. Жеринде милиция бөлүмдөрүнүн жетекчилерине кемчиликтерди аз убакыттын ичинде жоюу тапшырмасын коюп, өз ишине шалаакы мамиле жасаган кызматкерлер тартиптик жазаларга тартыларын эскертти.

  • Ж.Абитов аталган кызматка 2022-жылы 27-декабрда дайындалган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️