Жалал-Абад облусундагы билим берүү кызматкерлеринин август кеңешмеси өттү

Акыркы жанылыктар

TurmushБүгүн, 27-августта Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинде мугалимдердин август кеңешмеси болуп өттү. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы билдирди.

Иш-чарага билим берүү жана илим министринин орун басары Лира Самыкбаева, президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Максат Сыдыков, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, жогорку жана орто окуу жайларынын мугалимдери, райондук жана шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн башчылары катышты.

Максат Сыдыков 2024-2025-жаңы окуу жылында балдардын билим сапатын жогорулатууга өзгөчө көңүл бурууга чакырды. Ар бир бала менен иштөө, анын жөндөмүн ачуу мугалимдин колунда экенин айтты.

Ал Жалал-Абад облусундагы билим берүү мекемелеринде жаңы технологияларды интеграциялоо боюнча да алгылыктуу жумуштар жасалып жатканын белгиледи.

Жыйындын жүрүшүндө Лира Самыкбаева билим берүү тармагын трансформациялоо боюнча «Алтын казык» программасынын долбоору тууралуу маалымат берди. Билим берүү документтерин санариптештирүү жаатындагы жумуштарга токтолду.

Пример HTML-страницы
  • Жалал-Абад облусунда жалпы 486 мектеп бар, анда 17 миң 359 мугалим эмгектенет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️