Жалал-Абад облусунда логистикалык борборлорду куруу үчүн 30 гектардан ашык жер трансформацияланган

Акыркы жанылыктар

TurmushЖалал-Абад облусунда 2022-жылы 800дөн ашуун жаңы ишкана ишке кирген. Бул тууралуу облустун социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрдүн жыл жыйынтыгы чыгарылган коллегияда белгилүү болду.

Жыйында президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн эки орун басары тарабынан социалдык-экономикалык багытта алып барылган иштер боюнча маалымат берилди.

Ыйгарым укуктуу өкүлдүн биринчи орун басары Мамасалы Акматовдун айтымында, облус аймагында жаңы ишке кирген ишканаларда жалпы 4 миңге жакын жумуш орундары түзүлгөн.

2022-жылдын январь-декабрь айында Жалал-Абад облусу боюнча 45375,0 млн сомдук өнөр жай продукциясы өндүрүлүп, физикалык көлөмүнүн индексинин өсүү темпи 111,5 пайызга жеткен. Бүгүнкү күндө облустун аймагында 4 логистикалык борбор өз ишмердүүлүгүн жүргүзүп келүүдө.

Мындан сырткары, Ала-Бука районунун Ак-Коргон айыл аймагынын Кызыл-Көл участкасында соода-логистикалык борборун куруу үчүн 20,0 га жер аянты трансформацияланып, бүгүнкү күндө 1-этабынын 86,0 млн сомдук же 90% курулуш иштери аткарылып, 2-этабынын курулушу башталды. Долбоорду ишке ашыруу менен 1000 жаңы жумуш орду пайда болот.

Пример HTML-страницы

Сузак районуна караштуу Ырыс айыл өкмөтүнүн Сасык-Булак участкасындагы 13,0 га айыл чарба жери мөмө-жемиш логистикалык борбор куруу үчүн тандалып, учурда өнөр жай багытына трансформацияланган (Министрлер кабинетинин 07.02.22-жылдагы №66 токтому). Учурда техникалык-экономикалык негиздемесин (ТЭН) түзүү үчүн атайын эксперттер келип, айыл тургундары менен жолугушуу өткөрүп, социалдык мүнөздөгү иш кагаздары даярдалып бүттү.

Бюджеттин аткарылышы, салыктардын жыйналышы, экономикалык багыттар, жол салуу, калкты таза суу менен камсыздоо үчүн жүргөн иш-мерчемдер боюнча маалыматка токтолду.

Жыйында өнбөй калган салыктар, билим берүүдөгү абал, балдар өлүмү боюнча сөз болду.

Жыйынга катышкан Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев облустун жыл жыйынтыгында пландык көрсөткүчтөргө жеткенин, алдыда коюлган пландар боюнча иш алып баруу керектигин айтты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️