Жалал-Абад облусунда карыяларга сый көрсөтүлдү

Акыркы жанылыктар

TurmushЖалал-Абад облусунун район, шаарларынан келген 150 улгайган инсанга 1-октябрь — Эл аралык карылар күнүнө карата майрамдык сый тамак уюштурулду.

Иш-чарага президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Максат Сыдыков да катышты. Ал карыяларды майрамы менен куттуктады.

Жалал-Абад облусунда 108 819 пенсия курагындагы жаран бар. Быйыл 1-октябрь — Эл аралык карылар күнүнө карата облустагы 100 жаштан ашкан 32 карыяга ыйгарым укуктуу өкүлдүн резервдик фондунан акча каражаты бөлүндү.

Ошондой эле облус жетекчилиги Сузак районунун Багыш айыл аймагынын Октябрь айылында жайгашкан карылар үйүнө барып, андагы улгайган жарандарды куттукташты. Майрамга карата ыйгарым укуктуу өкүлдүн резервдик фондунан бөлүнгөн акча каражаты жана белектер тапшырылды.

Сузак районунун Багыш айыл аймагынын Октябрь айылында жайгашкан карылар үйүндө 98 улгайган жана ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жаран жашайь.

Пример HTML-страницы

Майрам алкагында облус башчысынын резервдик фондунан Токтогул районундагы «Кара-Каш» улгайган адамдардын социалдык-стационардык мекемесине да акча каражаты бөлүнгөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️