Жалал-Абад облусунда айдоочулуккка окуткан мектептердин унаалары текшерилип жатат

Акыркы жанылыктар

TurmushЖалал-Абад облусунда айдоочулуккка окуткан мектептердин унаалары текшерүүгө алынууда. Бул тууралуу Turmush басылмасына Жалал-Абад облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн транспорт иштерин жөнгө салуу жана лицензиялоо тобунун тескөөчү Нурлан Саркаров билдирди.

Анын айтымында, рейддик иш-чара бир аптага улантылат.

«23-сентябрдан бери Жалал-Абад облусунун аймагында автомектептердин атайын унааларынын техникалык абалын жана андагы стандарттардын сакталышы боюнча рейддик иш-чара жүргүзүлүп жатат. Бул саамалыктын максаты жол кырсыктарынын санын азайтууну көздөйт.

Кээ бир учурда үйрөткүч унааларда талаптар сакталбай эле курсанттарга рулду берип койгон учурлар болууда. Мындан улам жол кыймылынын катышуучуларынын коопсуздугун эске алып, иш алып барып жатабыз. Талаптарды сактабаган автомектептерге мыйзам чегинде чаралар көрүлөт», — деди ал.

Жалал-Абад облусунда 42 автомектеп иштейт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Пример HTML-страницы

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️