Жалал-Абад облусунда 2025-жылдагы ажылык сапарга каттоо жүрүп баштады

Акыркы жанылыктар

TurmushЖалал-Абад облусунда 2025-жылдагы ажылык сапарга каттоо жүрүп жатат. Бул тууралуу Turmush басылмасына Жалал-Абад облустук мусулмандар казыятынын ажылык сапарды уюштуруу боюнча куратору Канатбек Мусурманкулов билдирди.

Анын айтымында, бул жылы Кыргызстан үчүн 6000 орун бөлүнгөн.

«Кыргызстанда ажылыкка бара тургандарды каттоо иштери башталды. Мындан улам облустун Жалал-Абад шаары, Сузак, Базар-Коргон, Ноокен, Аксы жана Ала-Бука райондорунда атайын каттоо жайларын уюштурдук. Анда каалоочулар баштапкы 2000 долларын жана кайтарымсыз 1200 сомун “Элдик банкка” (мурдагы РСК) төлөп, дүмүрчөктү (квитанция) жакынкы уюштуруу борборлоруна алып келсе, ал жактагы адистер катташат.

Облустагы каттоо жумуштары 17-октябрга чейин уланат. 2025-жылы ажылыкка барууну каалаган талапкерлерди өлкө боюнча каттоо жүрүүдө», — деди К.Мусурманкулов.

Сауд Арабиясынын Саламаттык сактоо министрлиги ажылык сапарга бара тургандарга бир катар медициналык талаптарды койгон. Ага ылайык, гемодиализ алып жаткандар, кычкылтек бет кабын колдонууну талап кылган өнөкөт өпкө оорусу барлар, боор циррозуна, химиотерапия алып жаткан рак оорусу барларга, кургак учук, өз алдынча кыймылдай албагандар ажылыкка барууга уруксат берилбейт.

Эске салсак, өткөн жылы ажылык сапар үчүн Кыргызстанга 6060 орун бөлгөн.

Пример HTML-страницы

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️