Жалал-Абад облустук милициясында 2024-жылдын 9 айынын жыйынтыгы чыгарылды

Акыркы жанылыктар

TurmushБүгүн, 11-октябрь күнү Жалал-Абад ОИИБдин 2024-жылдын 9 ай ичинде аткарган ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы каралган ыкчам кеӊешме болуп өттү. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, кеӊешмеге Жалал-Абад ОИИБдин башчысы, орун басарлары, бөлүм кызматтарынын башчылары жана ШИИБдин жана РИИБдин жетекчилери катышты.

«Коюлган негизги 4 маселени кароодо бөлүм, кызмат жана ШИИБдин жана РИИБдин башчылары баяндама беришип, аткарылган иштер, жетишкендиктер белгиленип, ошону менен катар бир топ кемчиликтерге да токтолуп, аларды жоюудагы иштер жана кызматкерлердин жоопкерчиликтери каралды.

Ал эми жыйындын соңунда бир катар кызматкерлер өздөрүнүн кетирген кемчиликтерин жоюу иш-аракеттерин жүргүзбөгөндүктөрү үчүн жоопко тартылышып, тартиптик жазаларды алышты», — деп айтылат маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️