Жалал-Абад милициясындагы подполковник, майор, капитан айымдар

Акыркы жанылыктар

TurmushБыйыл, 2024-жылдын 1-ноябрында кыргыз милициясынын түзүлгөнүнө 100 жыл болот. Өлкөдө бул күн тартип сакчыларынын кесиптик майрамы катары белгиленип келет. Turmush басылмасы милиция кызматкерлеринин ары түйшүктүү, ары кызыктуу жана өмүрүн кошо тобокелге салган кызматы тууралуу маалымат берүүнү улантат.

Бул жолу Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгындагы погончон айымдар тууралуу сөз кылабыз.

1. Милициянын подполковниги Суранова Жамила Салановна, уюштуруу инспектордук бөлүмүнүн эсепке алуу-каттоо тобунун улук тескөөчүсү;

2. Милициянын подполковниги Боронова Мактымкан Абдираимовна, Жалал-Абад ОИИБдин кадрлар бөлүмүнүн башкы тескөөчүсү;

3. Милициянын подполковниги Кокумбаева Индира Орозбаевна, Жалал-Абад ОИИБдин кадрлар бөлүмүнүн улук тескөөчүсү;

4. Милициянын капитаны Жунушова Гүлжан Молдокуловна, Жалал-Абад ОИИБдин тергөө кызматынын көзөмөлдөө-методикалык бөлүмчөсүнүн тергөөчүсү;

5. Милициянын майору Сагынбү Мамытова, маалымат технологиялар бөлүмүнүн улук тескөөчүсү;

6. Милициянын сержанты Айтунук Ашурова, Жалал-Абад ОИИБдин медицина кызматынын медайымы;

7. Милициянын капитаны Анарбаева Айсулуу Ирисбековна, Жалал-Абад ОИИБдин маалыматтык технологиялар бөлүмүнүн, ИИМдин мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн «Бирдиктүү терезе» шартындагы борборунун башчысы;

8. Милициянын улук лейтенанты Ниязова Аселя Кабыловна, Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматынын тескөөчүсү;

9. Милициянын подполковниги Усвалиева Уркуя Ражаповна, Жалал-Абад ОИИБдин УИБдин улук тескөөчүсү;

10. Милициянын майору Назарова Миргүл Абжалиловна, Жалал-Абад ОИИБдин катчылыгынын тескөөчүсү;

11. Милициянын прапорщиги Кочорбаева Бактыгүл Калдыбаевна, ИИМдин атайын багыттагы полкунун №3 батальонунун Жалал-Абад шаарындагы өзүнчө ротасынын милиционер фельдшери.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️