Пример HTML-страницы

Жалал-Абад милициясы жогорулатылган баскычта кызмат өтөөгө өттү

Акыркы жанылыктар

TurmushЖалал-Абад облусундагы ички иштер органдарынын өздүк курамдары 20-21-март күндөрү жогорулатылган күжүрмөн даярдык баскычына кызмат өтөөгө өткөрүлдү. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирди.

Нооруз майрамына арналган иш-чараларды өткөрүүдө коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун камсыздоо, укук бузуулардын жана кылмыштуулуктун алдын алуу максатында иш жүргүзүлөт.

Бүгүн, 20-мартта Жалал-Абад ОИИБдин кызматкерлери майрам күнү коомдук тартипти көзөмөлгө алуу үчүн облус аймагындагы район жана шаарларда кызмат өтөөгө бөлүнүштү. Жалал-Абад ОИИБдин башчысы Жеӊишбек Абитов бөлүнгөн кызматкерлерди жер-жерлерде ак ниеттүүлүк менен кызмат өтөөгө чакырып, кызматтык тартипти бузбоону эскертти.

Нооруз майрамында миӊге чукул милиция кызматкери коомдук тартипти жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE