Жакындары жаңы жагдайларды айтты. Видео

Акыркы жанылыктар

TurmushОш облусунун Өзгөн районунун Төрт-Көл айыл аймагында жайгашкан Жылалды айылында 28 жаштагы Мирсулуу киши колдуу болду. Аны кошунасы балта менен чаап өлтүргөн деп шектелүүдө.

Turmush басылмасынын кабарчысы билдиргендей, кечээ, 7-октябрда маркум келиндин төркүнүндө ага багышталып куран окутулду. Жакындары Мирсулуунун артында 4 баласы калганын, кичүү баласы али эмчектен чыга элек экенин айтып, кызын эскерип, аза күтүп отурушат.

Маркум келиндин апасы Кандалат Исмаилованын айтымында, бул иш адилеттүү тергелип, күнөөлүү тарап өмүр бою камак жазасын алуусу керек.

«Кызымдын төрт баласы, анын ичинде эмчектеги баласы бар. Бул [шектүү] өмүр бою камалсын. Атасы кечээ жүрөгү кармап, ооруканада жатат. Өлгөндүн үстүнө көмгөн болбосун деп мен балдарымды басып отурам. Эгер менин талабым аткарылбаса, колум жеткен ишти кылам. Ушунчалык да мыкаачылык болобу? Айдай кызым 28 жашка толо элек, колунда 1 жаш 2 айлык баласы бар эле. Эмчегинен сүтү агып турду», — деген эне шектүүнүн үй-бүлөсү көчүп кетиши керек деген талап коюп жатат.

Мирсулуу киши колдуу болгон күнү Кандалат Исмаилованын кудалары кызы катуу ооруп калганы жөнүндө кайын инисине кабар беришкен. Кызынын өлүмүнөн бейкапар болгон Исмаилова кызынын үйүнө коңушу айылдан 15 мүнөттө жетип барганын айтат.

Пример HTML-страницы

«Ооруп жатат деп кайниме чалышып, мени «тез келсин» деп чакыртышыптыр. Мен кайненеси окшойт деп эле бардым. Биз барганда милициялар келип, бүт алып кеткен экен. Канын эртең менен көрдүм, кичинекей бир арыкта толо кан. Буту-колу сынганбы деп бардым эле», — деди Кандалат Исмаилова.

Окуянын күбөлөрүнүн айтымында, Мирсулуу каргашалуу окуя болгон 4-октябрь күнү кайненеси менен үйүнүн короосундагы эски тандырды бузуп жатышкан. Тандыр дарбазанын кире беришинде сол тарапта жайгашкан. 24 жаштагы коңшусу капысынан балта менен кирип, тандырдын бузулган калдыктарын арабага салып жаткан. Ал Мирсулууну башка бир нече жолу чаап жиберген. Кайын энесине да кол салууга аракет кылып, бирок кууп жетпей калган. Сырттагы кыйкырыкты уккан Мирсулуунун жолдошу эшикке чуркап чыкканда кошунасы окуя болгон жерден качып кеткен. Окуянын баарын келиндин үй алдында ойноп жүргөн жаш баласы да көргөн.

Маркумдун агасы Нурланбек Матиев карындашынын сөөгүн алып чыгуу үчүн мейтканага барган. Дарыгерлер келиндин сүтү тынбай агып жатканын айтышкан.

«Моюнун териси эле кармап турат, башын этият кылыңыздар» дешти. Кан өтө көп кеткен. Шейшептерин өзүм алып көрдүм. Майрам сууга алганда да кан көп болчу. Жайына койгондо да болушунча аракет кылып, этияттап койдук. Сүтү агып турду дешти. Эмчектеги баласы бар экенин айттым», — дейт Нурланбек Матиев.

Күбөлөр шектүү айылга качып кетип, жашынып жүргөн жеринен кармалганын кошумчалашты. Маркум келиндин агалары жана айылдаштары шектүүнүн ата-энесин айылдан көчүп кетүүсүн талап кылып жатышат.

Ал эми маркум келиндин кайын журту окуя тууралуу айтып берүүдөн баш тартты.

Мирсулуунун улуу кызы 1-класста окуса, андан кийинки кызы бала бакчага барат. Дагы бир баласы 3 жашта болсо, кичүүсү эмчектен чыга элек болчу.

————————————————————

Буга чейин Turmush Өзгөн районунда адам өлтүрүүгө шектелген жаран кармалганын жазган.

Милициянын маалыматына караганда, 2024-жылдын 4-октябрында Ѳзгѳн райондук ички иштер бөлүмүнүн нѳѳмѳт бѳлүгүнѳ телефон аркылуу бейтааныш аял киши байланышкан. Анда Ѳзгѳн районунун Төрт-Көл айыл аймагынын тургуну — 1996-жылы туулган К.М. аттуу аялды өзү жашаган үйдүн короосунда К. аттуу кошунасы балта менен чаап ѳлтүрүп койгондугун кабарлаган.

Бул факты каттоого алынып, окуя болгон жерге РИИБдин жетекчилиги жана ыкчам тергөө тобу барып, тергөөгө чейинки текшерүү иштерин баштаган.

Чогултулган материалдын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (адам өлтүрүү) боюнча кылмыш иши козголуп, ыкчам тергөө амалдары башталган. Маркумдун жансыз денесине соттук-медициналык, соттук-химиялык жана башка тийиштүү экспертизалар дайындалып, окуяга күбөлөр суракка алынып, тергөө аракеттери улана баштаган.

Ыкчам иликтөө иш-чараларынын натыйжасында кылмышка шектүү катары Ѳзгѳн районунун 2000-жылы туулган М.К. аттуу тургуну кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️