Жактоочулардын тобу майыптуулугу бар жарандар кабылып жаткан көйгөйлөр тууралуу айтып беришти

Акыркы жанылыктар

TurmushБүгүн, 27-сентябрда АКИpress-Ошто жактоочулардын тобу майыптуулугу бар жарандардын укугун коргоо жана аларга түзүлгөн шарттар боюнча маалымат жыйын өткөрдү.

Жактоочулар Сардорбек Абдухалилов, Максатбек Жорокулов, Нурислам Раимжанов жана 1-топтогу майыптуулугу бар жаран Бектур Ашимов ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар кабылып жаткан көйгөйлөргө токтолушту.

«Жактоочулар тобунун максаты майыптуулугу бар жарандардын укугу боюнча жазылган мыйзамдын аткарылышын көзөмөлгө алуу жана ишке ашыруу болуп саналат. Биз Ош, Жалал-Абад, Бишкек шаарларында иш алып барабыз. Кыргызстанда 200 миңден ашуун майыптуулугу бар жарандар бар. Алардын арасында араба менен жүргөндөргө көбүрөөк кыйынчылык жаралууда. Имараттар көбүнчө союз мезгилинде курулуп калгандыктан майыптуулугу бар адамдар эске алынган эмес. Бирок 2018-жылы курулуш тармагына «майыптуулугу бар адамдарды эске алуу шарттары» боюнча мыйзам кирген», — дейт Сардорбек Абдухалилов.

Жалал-Абад шаарынын тургуну, жогорку окуу жайдын мугалими, 1-топтогу майыптуулугу бар жаран Бектур Ашимов жактоочусу Нурислам Раимжанов менен биргеликте соттук иштерге катышкан. Анын айтымында, 2-3 объектте шарт түзүү боюнча сотко кайрылышты.

«Бүгүнкү күндө Жалал-Абад шаарындагы мекеме-ишканалардын дээрлик баары майыптуулугу бар жарандар үчүн каралган шарттар боюнча талапка жооп бербейт. Мисалга алсак, банкттардын бирине кирүү үчүн пандус талапка жооп бербегендиктен, сотко кайрылганбыз. Ал иш 1 жылга созулуп, мага моралдык чыгым аз суммада болсо да төлөнүп, биздин киришүү менен башка пандус орнотулуптур. Ошондой эле автобустун сүрөтү орнотулган белгинин алдында аялдама жок болгондуктан ал боюнча да кайрылып, жакында аялдама курулду. Бирок ал да талапка жооп бербейт. Негизи соттук иштер убактыңды алат. Ошондуктан сөзсүз кайрылтып, соттоштурбай эле тиешелүү органдар өздөрү бизге шарт түзүп беришсе», — деди Ашимов.

Пример HTML-страницы

Жактоочу Максат Жорокулов майыптуулугу бар адамдар боюнча көйгөй көп экенин, бирок бул маселени көтөрүп чыккандар аз болуп жатканын айтты.

«Пандус бул эң баштапкы гана маселе. Көйгөйдүн ичинде майыптуулугу бар жарандар ошол имаратка кирип иштөөсү да каралышы керек. Кадимки жарандарга түзүлгөн шарттар, мисалы ажаткана, тамактануучу жай сыяктуу ичиндеги шарттар да эске алынуусу керек. Биз учурда үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору, чайкана, муниципалдык транспорт башкармалыгы менен сотко чейинки иштерди алып барып баштадык. Буга чейин Ош облустук соту, андан сырткары «Ош» эл аралык аэропорту менен соттошуп, шарт түзүүгө жетишкенбиз», — деди Жорокулов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️