Пример HTML-страницы

Жайылдын тургуну темир калдыктарын иргеп жатып, өзгөчө бычак таап алды

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushЧүй облусунун Жайыл районуна караштуу айылдардын биринин тургуну сарайдагы темир калдыктарын иргеп жатып, арабча жазуусу бар бычак таап алган.

Анын айтымында, бир нече жыл мурун айылдардын биринен үй сатып алган. «Аз-аздан оңдоп, сарайды иретке келтирдим. Бардык темир калдыктарын иргеп жатып, бычак таап алдым. Бычактын сабы жыгач, темиринде арабча жазуу бар экен. Кармагычы чирип калган экен. Дароо түшүп калды. Биз жазууну которгонбуз — анда «Шахр Хан» деп жазылган», — дейт жергиликтүү тургун.

Край таануучу жана тарыхчы Максим Подгорный бул бычак тарыхый табылга экенин жана маданий баалуулукка ээ экенин билдирди. «Жазууга караганда, бычакка кеминде жүз элүү жыл болгон. Аны өзбек усталары 19-кылымдын аягында же орто ченинде жасашы мүмкүн.

“Шахр Хан” — тарыхый инсан Шахрух бийдин (1680-1721-жылдар) ысымдарынын бири. Ал Минг династиясындагы Кокон хандыгынын биринчи башкаруучусу болгон. Анын уюштуруучулук жөндөмү, аскердик таланты, физикалык жактан дагы өзгөчө күчтүү болгон. Шахрух бий өз бийлигин Кокон, Исфара, Чуст, Наманганга жайылтууга жетишкен. Шахрух бий 1721-жылы эмирлердин айрым топторунун ортосундагы чыр-чатактын натыйжасында өлтүрүлгөн.

Ал өлгөндөн кийин бийлик анын тун уулуна өткөн. Мындай формадагы бычактарды Чусттун жана Намангандын темир усталары көп санда жасашкан. Усталардын бычакка атактуу аскер башчынын же жоокердин атын берүү салты болгон», — дейт жергиликтүү тарыхчы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE