Жайылдык жаш балбандар эл аралык турнирде 3 коло байге утту

Акыркы жанылыктар

TurmushЧүй облусунун Жайыл районундагы спортчулар эл аралык турнирде 3 коло байге утушту.

Маалым болгондой, эркин күрөш боюнча турнир 24-26-октябрь күндөрү Ысык-Ата районунун Кант шаарында өттү. Мелдеште 2009-2013-жылдары төрөлгөн 730 балбан балдар-кыздар күч сынашты. Спорттук иш-чара Канттагы балдар-өспүрүмдөр спорт мектеби менен Жайылма айыл өкмөтү тарабынан уюштурулду.

Жайыл районунан 11 спортчу катышты.

Алардын ичинен:

— Эриктүү айылынын тургуну Кайрат Максатбеков 32 килограммага чейикилер арасында 3-орунду алды, машыктыруучусу Замир Бадакеев;

Пример HTML-страницы

— Эриктүү айылынын тургуну Аяна Доктурбекова 39 килограммга чейинкилер арасында 3-орунду алды, машыктыруучусу Замир Бадакеев;

— Жаңы-Арык айылынын тургуну Айкыз Окенова 39 килограммага чейинкилер арасында 3-орунду алды, машыктыруучусу Каныбек Жанысаков.

Жеңүүчүлөр медаль, диплом жана белектер менен сыйланды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️