Жайылдагы унаа жолго жакын байырлаган кыргоолдор

TurmushЖайыл районунда жолго жакын жашаган кыргоолдор адамдардан коркпой, өзгөчө сактануу ыкмаларын колдонушат.

«Кыргоолдор жолго жакын жерлерди тандап алышкан. Алар адамдарды байкаганда учуп качып кетишпейт. Бирок бадалдарга жана чөпкө жашынууга аракет кылышат. Жергиликтүү тургундар кооз канаттууларга тийишпей, ар тараптан коргоп жатышат», — дейт Полтавка айылынын тургуну Алтынбек Манасбаев.

Эколог Александр Сосновскийдин айтымында, канаттуулардын мындай жүрүм-туруму кадыресе көрүнүш.

«Жазында айдап себүү башталат. Анан жолдун жанынан транспорттон түшкөн эгинди дайыма табууга болот. Ошондуктан кыргоолдор жолго жакын токой тилкелеринде калууну туура көрүшөт», — деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️