Жайылдагы эң алыскы айыл — Кара-Дөбөнүн аталышынын тарыхы

Акыркы жанылыктар

TurmushЖайыл районунун Кара-Дөбө айылы 20 чакырым алыстыкта жайгашкан. Ал Жайыл айыл аймагындагы эң алыскы айыл болуп эсептелет.

Кара-Дөбө айылынын аталышы алгачкы отурукташкандар жерлерди тандап алган аймакка байланыштуу аталган.

Карыялардын айтуусу боюнча, Чүй өрөөнүнүн төмөнкү бөлүгүндө жайгашкан айылдарда жер астындагы суу сезилип турган. Ошондуктан адырларга же бийик жерлерге үйлөрүн курушкан. Анткени алгачкы отурукташкандар табигый кырсык менен күрөшө алышкан эмес.

«Айылдын четинде чоң дөбөчө бар. Карыялар мурда мындай дөбөдөн бир нече болгонун айтышат. Бул адырларга адамдар үйлөрүн жер астындагы суудан сактап калуу үчүн курушкан. Чоң дөбө кара болгондуктан, айылдын аталышын Кара-Дөбө деп атап коюшкан», — дейт жашоочулар.

Жергиликтүү тургундардын айтымында, өткөн кылымдын орто ченинде бул жерде жергиликтүү колхоздордо иштеген орустар менен чечендер жашаган. Бирок Советтер Союзу кулагандан кийин көбү үйлөрүн сатып кетип калышканын белгилешти. Ошондо айыл Кара-Төбө деп аталчу. Азыр бардык 6 көчөнүн мурдагы аталыштары сакталып калган. Алар: Школьный, Советский, Садик, Коммунистический, Новая жана Молодежный.

Пример HTML-страницы

Бүгүнкү күндө бул жерде 700гө жакын адам жашайт. Алардын басымдуу бөлүгү 1990-жылдары көчүп келген тажикстандык этникалык кыргыздар жана качкындар. 2023-жылга чейин Кара-Дөбө айылы Красновосточный айыл аймагынын курамына кирген. Ал эми жакында эле административдик-аймактык реформага байланыштуу Жайыл айыл аймагына кирди.

Жергиликтүү тургундар негизинен айыл чарба иштери менен алек. Жалгыз социалдык объект мектеп болуп саналат. Анын жанында фельдшердик-акушердик пункт бар. Жакынкы убакта ФАПтын жаңы имараты айылдагы жалгыз аялдаманын жанына курулат.

«Бул жерлик эмесмин. Кара-Дөбө айылына 1988-жылы келин болуп, башталгыч класстын мугалими болуп жумушка орношууну пландап жүргөм. Ал кезде айылда башталгыч класс гана болгон (1-3-класстар). Андан кийин балдар Кара-Балта шаарындагы Макаренко атындагы мектеп-интернатка барып окушчу. Ошол эле 1988-жылы айылдын борборунда бала бакча курулуп бүтүп, бирок ал ачылган жок. Ошол жерге 9-класска чейинки балдар окутула турган мектеп түзүү чечими кабыл алынган. Алгач мугалим болуп иштеп, кийин директор болдум. Бүгүнкү күндө Кара-Дөбө жана Калдык айылдарынан 180 бала билим алат. Имарат кичинекей болгондуктан окуу эки мөөнөттө өтөт. ФАПтын жаңы имараты ачылгандан кийин бошогон жайларды окуу класстарына айландырабыз», — деди мектеп директору Акылай Кулсариева.

Анын айтымында, мектепке заманбап технологиялар акырындык менен жетип, курулуш иштери жүрүп жатат. Мектептин сыртына видеобайкоо камералары орнотулуп, көчөгө чоң ажаткана жана футбол аянтчасы курулду. Учурда мектеп жабык спорт зал курууга муктаж.

«Биздин мектептеги негизги көйгөйлөрдүн бири спорт залдын жоктугу. Кара-Балта шаарына караганда жайында 5-8 градус ысык, ал эми кышында суук болот. Дене тарбия сабактары дайыма эле көчөдө өткөрүлө бербейт», — деп кошумчалады директор.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️